Бүгүн, 18-декабрда Ак үйдүн жанында «REакция 2.0» аттуу тынчтык митинг болуп өттү. Ал жерге Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков келип, элди аралап, ар ким менен сүйлөшүп жүрдү. Ал дагы сөз эркиндигин кысымга алууга жана коррупцияга каршы экендигин баса белгиледи. Дайыма ушундай митингдерде активдүү катышып жүрүп, мамлекеттик кызматка барып калган эркек мүнөз Рита Карасартованы эстеди. “Бийликке каршы чыккан адамга кызмат бийлик берет экен. “Мен беш жыл окуп, окуума акча берип эмне кылам? Андан көрө Ак үйдүн алдына митингге чыга берсем, тажаганынан мага кызмат берет экен”,- деп митингди туура эмес түшүнүп алган жаштар да жок эмес. Бийлик кызмат сунуштаганды Рита Карасартова өзү ачыктады го, “бийлик мага үч жолу кызмат сунуштады, мен бирөөсүн тандап алдым” деп. Анан аны уккан жаштар акцияга чыга берейин деп митингге чыгууну өнөкөткө айлантып алат да“,- деди депутат Р.Момбеков.
Депутат Рыскелди Момбековдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ