Menu

Коррупцияга чабуул – мүлктөн ажыратуубу?

Бөлүшүү:

Коррупцияга каршы күрѳшүү “фронтунда” күн сайын жаӊы кабар, жаӊы маалымат болуп турат, ушундай бир окуяларга бай, кызыктуу мезгилде жашап жатабыз. Ошол эле мезгилде мурда козголгон кылмыш иштери боюнча эмне кеп болуп жатканы кѳпчүлүк үчүн бүдѳмүк болгону да туура. Парламентте депутаттар да бир топ суроолорду берип, атүгүл К.Кулматов менен И.Илмиянов азырга чейин сурак бере электиги аныкталды. Сураксыз жата берсе, тергѳѳ кантип аяктайт, сот кантип жүрѳт – толгон токой суроолор туулуп жатпайбы.

Ошентип жүрүп кайсы бир маселе унутта да калды. Мисалы, Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын тегерегинде канча ызы-чуу болду эле. Анан эле кеп А.Шадиевдин четке кетип калгандыгына ѳтүп кетип, негизги “каарман”, Жогорку Кенештин бѳлүм башчысы Арсен Закиров менен эч кимдин иши деле болбой калгандай болду. Ал байкуш эмне, Аскарбек Шадиев кайра бир келгенче СИЗОдо жата береби деген да ойлор келди. Кѳрсѳ, андай деле эмес экен. Кѳп ѳтпѳй, А.Шадиевдин иши боюнча сот башталып, ал жерде да А.Закировдун карааны жок болуп чыкты. Биз атайын иликтѳѳ жүргүзүп, кызыктуу бир фактыларга дуушар болдук.
Биринчиден, Арсен Закировдун соту ызы-чуусуз бир топ мезгил мурда эле башталып, сентябрда Биринчи май райондук соту тарабынан чечим да чыгарылыптыр. Иштин бардык жагдайларын эске алып, аны-муну иликтеп, райондук сот Закировду 5 жыл шарттуу түрдѳ камоого ѳкүм чыгарыптыр. Соттун материалдарына ылайык, ал күнѳѳнү мойнуна алыптыр, кимди кантип “алдаганын”, башкача айтканда, бул ишти кайсы жол менен ишке ашырганын толук айтып бериптир. Анан эле ал чечимге прокурор доо келтирип, Бишкек шаардык соту чечимди ѳзгѳртүп, аткаминер 6 жылга кесилип, мүлкүн конфискациялаптыр. Эки соттун чечиминдеги айырманы кантип түшүнсѳ болот?
Ал эле эмес, Закиров келтирилген 30 миӊ долларлык зыянды сурак башталган биринчи күнү толук ордуна коюптур. Биз бирок түшүнбѳй калдык, уурдалды деген акча кайтарылса, Закировдун мүлкү эмнеге конфискация болот? Соттолуп, камалганы – ал башка кеп, конфискациянын максаты келтирилген зыянды толуктоо эмес беле, же бул да кошумча жазалоонун бир ыкмасыбы? Уурдалган нерсе 30 миӊ доллар болсо, ал сумма ордуна коюлса, тиги ѳзү камакка алынса, ага кошумча дагы мисалы 100 миӊ долларлык мүлктү мамлекет тартып алып алса, мындай жазалоонун максаты, мазмуну эмнеде? Анын картайган ата-энесинин тапкан байлыгы ошол болуп, баласы менен бирге жашасачы? Эки баласы бар экен, аларда эмне жазык?
Биздин колубузга А.Закировдун адвокатынын аны үй камагына чыгаруу боюнча сотко багытталган ѳтүнүчүнүн кѳчүрмѳсү тийди. Окуп кѳрсѳӊүздѳр болот, ал жерде бардык жагдайлар түшүнүктүү эле жазылыптыр.
Демек, чечим чыгарган соттор да билип туруп эле, Закировдон баарын конфискациялап койдубу? Кылмыш жасаган адамды жазалоо сѳзсүз болуш керек, бирок үй-бүлѳсүн кошо жазалап жиберүү илдетке айланбадыбы бизде?
Канткенде да, түшүнүксүз. Эми Жогорку Сот эмне дээр экен, күтѳ туралы. Иш ал жакка ооп кеткен турбайбы.

А.Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: