2017-жылдын 28-июль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Жайыл районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке келишип, 50-55 жаштар чамасындагы европа улутундагы жарандын жансыз денесин табышкан. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы билдирет.
Тергөө учурунда анын өздүгү такталып, ал 53 жаштагы К.М. аттуу жаран экендиги такталган. 28-июль күнү саат болжол менен 07:00 чамасында 53 жаштагы К.М. жана анын 28 жаштагы уулу К.А. экөө мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, баласы атасын башка темир нерсе менен чаап жиберген. Атасы К.М. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Жайыл районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан изи сууй электе жогорудагы кылмышка шектүү делип, 28 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалган. Жайыл РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Жайыл райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ