Menu

Меркель: Ашхабат түрмөлөргө кирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого макул болду

Бөлүшүү:

Германия канцлери Ангела Меркелдин айтымында, Түркмөнстан чет элдик дипломаттарды абакка киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого даяр. Немис лидери бул тууралуу Берлинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында айтты.

«Биз Түркмөнстандагы абактарга дипломаттардын кирип чыгуусуна уруксат алууну талкууладык. Президент тышкы иштер министрлери сүйлөшкөн соң, эл аралык дипломаттар түрмөлөрдү кыдырып, абал менен жеринде таанышып чыга алышат деп убада берди», -деди Меркель.

Буга чейин Human Rights Watch укук коргоо уюму Берлинге кайрылып, түркмөн президенти менен түрмөдө жашыруун камалып жаткан саясий каршылаштар жөнүндө талкуу жүргүзүүгө, белгилүү журналистти бошотууга жана жарандардын өлкөдөн чыгуусуна салынган тыюуудан баш тартууну талап кылууга үндөгөн.

Бердымухамедов Конституцияны өзгөртүп, адам укуктары боюнча омбудсмен кызматын киргизүүгө ниеттенип жатканын айтты. Ал мындан тышкары мамлекетинде газды Евробиримдик өлкөлөрүнө экспорттоону кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, Еврокомиссия Ашхабаддын бул багыттагы сунушун алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: