Menu

Орусияда 1910-жылдагы документтин негизинде жүздөн ашык порнографиялык сайттарга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Орусияда Орусия империясы тарабынан 1910-жылы жана СССР тарабынан 1923-жылы кол коюлган документтердин негизинде жүздөн ашык порнографиялык сайттар тосмолонду.

Кеп 1910-жылы Парижде, 1923-жылы Женевада кол коюлган Порнографиялык басылмаларга тыюу салуу жөнүндөгү макулдашуулар жөнүндө болууда. Ал документтер порнографиялык мазмундагы сайттарга тыюу салуу тууралуу Татарстандын 2015-жылдын 19-февралындагы чечиминде да бар.

Оппозиционер Леонид Волков Орусияда порнографиялык тасмаларды көрүүгө формалдык түрдө тыюу жок экенин белгилеп, андыктан сот эл аралык укуктардын орусиялык мыйзамдарга караганда артыкчылыктарга ээ экени айтылган Орусия Конституциясынын 15-беренесине кайрылганын белгиледи.

Сентябрда Роскомнадзор Воронеж облустук сотунун талабы менен Pornhub аттуу дүйнөдөгү эң ири порнографиялык сайттардын бирин тосмологон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: