Жогорку Кеңештин жыйынында АИ-92 маркасындагы майдын сапаты АИ-80 маркасы менен барабар экени айтылды. Депутат Жыргалбек Турускулов бул эки марканын ортосунда 7 сом айырма бар экенин, карапайым калкты алдоо болуп, сапатсыз май сапаттуу катары сатылып жатканына нааразычылыгын билдирди. Чындыгында карапайым калктын чөнтөгүн каккан бул ыкма учурда гүлдөп турганы менен эч кандай чечкиндүү кадамдар жасалбай келет. Буга чейин эл өкүлү күйүүчү майга байланыштуу маселени бир нече жолу көтөргөнү менен өкмөт эч кандай реакция жасабаганына туталанды. Арийне бул көйгөй көп жылдан бери жазылып, айтылып эле келет. Бирок элдин убалын ойлобогондор менен тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери шериктеш болгондуктан, мындай калктын жонунан кайыш тилген көйгөйдү көрмөксөнгө салган көрүнүш калыптанып калды. Кудай акыры жазаңарды берээр…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ