Анын айтымы боюнча, учурдагы кырдаалдан улам кичи автобустардын айдоочулары чыгым тартып жатышат. Ал эми учурдагы жол кире менен чыгымдардын дагы орду толбойт.
“Ошондуктан, биз өзгөчө кырдаал убагында жол кирени убактылуу 20 сомго көтөрүүнү суранабыз. Жүргүнчүлөр 20 сом төлөп, орундуктарда отуруп барууга даяр. Ишканалар иштеп жатат, элдер жумуштарына барышы керек. Дем алыш күндөрү коомдук транспорт да, такси кызматы да иштебейт. Элдер жумушуна кантип барат? Жол киренин тарифи эки эсеге көтөрүлсө, айдоочу салонго жүргүнчүлөрдү толтура салбайт, ал бирөө түшсө, экинчисин анын ордуна алып, ташып жүрө берет. Бул жол менен адамдардын бири-бири менен болгон байланышты азайтууга мүмкүн” – дейт ал.
Ал ошондой эле, бул сунуш эпидемиологиялык комиссияга, республикалык штабга, Транспорт министрлигинде өткөн жыйында айтылганын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ