Кыргыз чек ара кызматынын жоокерлери Лейлек районуна караштуу Майты тилкеси аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга MERCEDES-BENZ VITO үлгүсүндөгү машинасы менен 1500 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген 1980-жылы туулган М. Н. аттуу Тажикстандын жаранын кармашты.
Тажик жараны кыргыз-тажик че карасынан 500 метр алыстыкта көзөмөл бекетин кыйгап өтүүгө аракеттенген. Машинасын тинткенде, ичинде 1500 тонна күйүчүү май бар экендиги аныкталды. Колунда эч кандай документи дагы болгон эмес. Ага Кыргыз Республикасынын Административдик Кодексинин 389-беренесинин 3-бөлүмчөсүнө ылайык административдик айып салынды.
Ал эми кармалган тажик жараны контрабандалык жүгү менен кошо Кыргыз Бажы кызматынын Баткен облустук өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ