Menu

Видео – Төрөбай Колубаев: “Айыпсыз соттолгондор зонадан Абдил Сегизбаевге ысык салам айтышты”

Бөлүшүү:

“Бизди, “Элдик парламенттин” мүчөлөрүн 27-колониядагы экстремист-террористтердин абагына кошуп камады да. Тергөө бүтүп, иш сотко ашып биз соттоло баштаганда негедир мурун бизге тагылбаган, тергөө болбогон 299-берене менен соттоп жиберишти. Көрсө бизди региондор аралык кастыкты козутуу беренеси менен экстремист-террористтерге кошуп камоо планын иштеп чыгышкан экен деп билдирди бүгүн, 16-майда Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине 2016-жылы бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген жалаа менен соттолуп кеткен “Элдик парламенттин” мүчөсү Төрөбай Колубаев акталып, абактан чыккандан кийин.
“Сегизбаев Адилге чоң ысык салам жолдойт элем, Кыргызстан боюнча экстремист-террорист деп 500 адам камаган экен. Анын ичинен 100 гана киши реалдуу экстремист-террорист болот. Калган 400 киши чындап тергесе бир байкуш жетим балдар, атасы жок, жума намазга барып, жөн эле намазга жаңы жыгылган балдар экен. Аларга карата профилактикалык иш-чаралар гана жүргүзүлүш керек эле, камабай. Абдил Сегизбаев дүйнө жүзүнө, ОДКБ, ШОСко өзүн Кыргызстанда терроризмге каршы күрөш жүргүзүп жаткан генерал катары көрсөтүүгө жанталашкан. Атамбаевдин мураскери – президент болом деп аябай даярданган. Ошол жерде олтурган 500 адамдын баарына каршы кыйноолор пайдаланылган. Эми алар Сегизбаевге салам айтышты. Алар узакка камалып кетишкенден кийин үй-бүлөлөрү кыйраган. Кээ бирлеринин инилери, балдары, апалары бул дүйнөдөн өтүп кетишти… Эми аларды радикал кылган Сегизбаев болду. Эгер алар түрмөдөн чыккандан кийин жаман иштерге барышса Сегизбаев, Жолдубаева, Атамбаевдерге ыракмат айтыш керек”, – деди Төрөбай Колубаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: