Балыкчы-Кочкор унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кечээ, 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында “Фолксваген-Пассат” унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Куткаруучулар жерине барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жана каза болгон адамдарды тез жардам кызматкерлери шаардык ооруканага жеткизишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ