Menu

КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен сүйлөштү

Бөлүшүү:
Бүгүн, 9-июлда кечинде КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.
Маектешүүнүн жүрүшүндө министрлер коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Коронавирустук инфекциянын мындан аркы жайылышы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында натыйжалуулукка багытталган кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу пикир алмашуу болду. Коронавирустук инфекциянын пандемиясына жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүнүн алкагында тараптардын практикалык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү макулдашуусу жетишилди.
Соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо жөнүндө макулдашуу жетишилди. Эл аралык уюмдардын алкагында тараптардын демилгелерин өз ара колдоо жана ЕБнын, БУУнун жана ЕККУнун алкагында көп тараптуу кызматташуу багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: