Menu

Талас облусу эки жумага жабылды

Бөлүшүү:

Талас облусу эки жумага жабылды. Бул тууралуу облустун жетекчиси Марат Мураталиев билдирди. Ал мындай чечим медициналык алгоритмдин негизинде кабыл алынганын айтты.

Мураталиевдин айтымында, эки апта бою «Талды-Булак» бекетинен Таласта каттоосу барлар гана өтө алат, каттоосу жоктор киргизилбейт.

«Ошол жерде Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрү отурат. ID карталар текшерилет. Атайын журнал ачылган. Биздин тургундар болсо киргизебиз. «Эки жума ичинде эл каттабай турса туура болот эле» деп дарыгерлер айтып жатышат. Эл түшүнүү менен кабыл алып жатат».

Облус жетекчилиги мындай чечимин коронавирустун жайылышынын алдын алуу максаты менен түшүндүрүүдө.

Мураталиев «Талды-Булак» бекетинде Мамкаттоо кызматкерлеринен тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, милициянын өкүлдөрү жана санитардык адистер иштеп жатканын айтты. Ал облус аймагына киргендердин температурасы текшерилип, ооруп жаткандар дароо күндүзгү стационарга жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Ошону менен катар эки жумага мал базарлар, Бишкек-Талас автокаттамы жабылды, футбол аянтчаларынын иши токтотулду.

Облуста 570 орунга күндүзгү стационар ачылды.

Мураталиев аймакта эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Талас облусундаалгачкы бейтап дээрлик үч айдан кийин, 10-июнда гана катталган. Облус жетекчиси аймакка кирип-чыгууну чектөө жагынан мурун да чара көргөн болчу.

9-июлга карата коронавирус Кыргызстанда 8847 адамдан табылды, алардын 83ү Таласта. Облуста бул илдеттен эки адам каза болгон.

Буга чейин айрым чектөөлөр башка аймактарда да киргизилген. Мисалы, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жума намазга убактылуу тыюу салынган.

6-июлда президент Сооронбай Жээнбеков азырынча жалпы өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала элек экенин айткан.

Президент жер-жерлердеги жетекчилер киргизген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана ишкерлер милдеттүү түрдө аткарышы керек экенин эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: