Menu

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарда жумушчу сапарын улантууда

Бөлүшүү:

Бүгүн,  2017-жылдын 18-августунда  КР БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активдери менен жолукту. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы жыйындын катышуучуларына шайлоо процессинин негизги этаптары  тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле шайлоону камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн автоматтык саноо түзмөктөрүн (АСУ) үйрөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен  аракеттери  жөнүндө маселелер талкууланды.

КР БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова “Өзүңдү тизмеден текшер” аттуу улуттук маалыматтык кампания тууралуу айтып, анда ар бир жаран өзүнүн жеке маалыматын 16-августтан 30-сентябрга чейин текшере аларын билдирди. Ал үчүн 119 номуруна ПИНди (14 сандан турган жеке идентификациялык номер) көрсөтүү менен СМС жөнөтүп же чалуу менен шайлоо тилкеси жөнүндө маалыматты тактай алат. Текшерүү учурунда сиз жөнүндө маалымат так эмес болсо, анда жаран форма 3кө ылайык арыз жазат, эгерде катталган жери менен жашаган жери дал келбесе шайлоо участкасына келип форма 2ни толтурушу керек. Ошондой эле жыйындын катышуучулары “Кошунаңды ээрчите кел” аттуу акциянын маанилүү экенин белгилешти. Анда ар бир жаран ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген  шайлоочуларга  камкор  мамиле жасап, 15-октябрда өзүнүн тандоосун өткөрүүгө көмөк көрсөтө алат.

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо АШК жана УШКнын бардык кызматкерлери менен адистери аракеттеги мыйзамдын бардык нормалары менен талаптарын аткарууну камсыз кылып, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына  бирдей  мүмкүнчүлүк  түзүү керек”-деп белгиледи Н.Шайлдабекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: