Өзүнүн уникалдуу үнү менен Кыргызстанды гана эмес Россиянын мыкты музыкалык сынактарын багынтып келаткан ырчыбыз Кайрат Примбердиев 23-сентябрь күнү, Москвада, Россиянын 1-телеканалынын “Добуш” сынагынын 5-сезонунун 1-тепкичинен өтүп, алгачкы жеңишке жетишти.
Кайрат Примбердиев сынакта Джеймса Браундун «It’s a Man’s Man’s Man’s World» музыкалык композициясын жана кыргыздын элдик ырын аткарып берди.
Булак: Голос / The Voice Russia
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ