Жакында эле, 16-сентябрда КМШнын Бишкекте өткөн саммити учурунда Россиянын президенти Путиндин оң колу, президенттик администрациянын жетекчисининин орун басары, пресс-катчысы Дмитрий Песков КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Атажурт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен бейформалдуу жолугушуп, көпкө сүйлөшкөнү белгилүү болду. Бул эмнени каңкуулайт?
Анын эртеси, 17-сентябрда Атамбаевдин туулган күнүнө, 60 жылдык торколуу тоюна келген Россиялык олигарх Муса Бажаев да тойдун күнөкөрүнө жакшы тостторду айтып, “бөдөнөнүн сүтүнөн” көп ичиргени байкалган. Анан ал жердеги элден четтеп, сырдашып жатышканы көзгө илинген. Муса Бажаевдин Атамбаевге таасири күчтүү экени эбактан белгилүү, өткөн 2015-жылы 17-сентябрда да Атамбаев Бажаевди туулган күнүнө чакырып, ал киши атайын “ат арытып, жол карытып” келип, “айда” чардашып алышкан.
Ошол эле учурда Муса Бажаев кыргыз саясатчысы Өмүрбек Бабанов менен “шилекей алышкан” дос экени да “узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына” маалым. Акаевдин режими учурунда Муса Бажаев досу Өмүрбек Бабанов менен өнөктөш болуп, Кыргызстанда бир нече ири ишканаларды ачышкан. Анын бирин – унааларга күйүүчү май куюучу станциялар бирикмесин кийин 100 миллион долларга сатышканы да белгилүү болгон. Ал эми Атамбаевдин режими учурунда Муса Бажаев Таластагы Жерүй алтын кенин 100 миллион долларга жеке менчикке сатып алды жана Атамбаев менен туулган күндөрдү бирге майрамдашкан ынак достордон болуп калышты.
Песков менен Бажаевдин Кыргызстанга визити жана экөөсүнүн тең Атамбаев жана Бабанов менен жылуу баарлашкандары Россиянын расмий бийлиги да жана “элдик дипломатиясы” да 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Россия КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Атажурт” фракциясынын лидери, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду президенттикке түртө баштаганынан кабар берген жокпу?
Таалайбек Асанов
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ