Menu

Абдымалик Акматбаев, маркум Рыспек Акматбаевдин атасы: “Балам Батукаевдин жездеси Куловдон сатылып кеткен 12 тик учактын чоо-жайын сурап…”

Бөлүшүү:

Аз күн мурун маркум Рыспек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаев саясатчы Феликс Кулов жана Кыргызстандан сый-урмат менен узатылган кылмышкер Азис Батукаев боюнча бийликке кайрылуу жолдогон. Кулов Акматбаевдин кайрылуусуна чычалап, баягы эле эски кептерден айтымыш болду. Биз учурда Чолпон-Ата шаарында жашап жаткан 83 жаштагы Абдымалик Акматбаевге кездешип, бир топ суроолорду узатып, кенен баарлаштык.

– Абдымалик ата, күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү?

– Куловдун мага жооп бергени абдан уят. Жалган кептерди айтып жатат. Анын ким экенин жалпы эл жакшы билет. Бул адам союз кулагандан бери кандай гана чоң кызматтарда иштесе да, ошол кызматтардын баарында тең ызы-чуу менен жүрбөдүбү. Уялып калышы керек эле, такыр уят жок экен. Уялбай туруп Батукаевди тааныбайм деп жатпайбы. Ток этер жерин айтканда, Батукаевди абдан жакшы тааныйт. Себеби, Кулов Жаңы-Жердеги түрмөдө олтурганда Батукаевдин эжесине үйлөнүп жатса, ага кайни болот да. Куловдун сүрөттөрү бар эле. Мен ошол сүрөттөрдү: Адахан Мадумаровго (ал кезде вице-премьер министр), Камбаралы Конгантиевге (ал кезде Башкы прокурор эле), Өмүралиевге ( Ысык-Көл облусунун губернатору болчу), Мыктыбек Абдылдаевге бергем. Бакиев президент болуп турганда меңи чала-була кабыл алып, комиссияга жөнөтүп койгон да. Ошондо комиссия дегени жогоруда аттары аталган адамдар экен. Алар менден сүрөттөрдү алышкан болчу. Ал сүрөттөрдүн арасында Куловдун үйлөнүү тоюнда Батукаев менен бийлеп, кучакташып турган сүрөттөр да бар эле. Ошончо далил турса, Куловдун Батукаевди тааныбайм деп жатканы акылга сыйбаган эле иш да. Кулов менен Батукаевдин дос экенин эл деле жакшы билет да. Аскар Акаев Куловду бекеринен камаган эмес, сатылып кеткен тик учактар боюнча туура айып тагылган.

– Ошол тик учак маселеси боюнча Рыспек байке Куловго суроо салып, сүйлөштү беле? Бул жагын билесизби?

– Билем. Балам Рыспек чынында эле Куловдон мыйзамсыз сатылып кетти делген 12 тик учактын чоо-жайын сураган. Сураган үчүн акыры жүрүп Рыспекти жок кылышпадыбы. Куловдун Бакиевге кандай кошомат кылганын билебиз да. Ал кезинде Курманбек Бакиевге жагалданып: “Жаныш Салиевичке эчак эле генералдык чинди беришибиз керек эле” – деп сүйлөгөнүн эл унута элек да. Эми да кеч эмес. Бийлик Кулов иштеген иштердин баарын тыкыр текшерип чыкса, бир топ мыйзам бузуулар чыгат. Ошол мыйзам бузуулар менен камашы керек. Рыспек менен Тынычбек балдарымдын өлүмүнө Куловдун түздөн-түз тиешеси бар.

– Уулуңуз Тынычбек Акматбаев депутат болуп турганда түрмөдөн өлтүрүлгөндөн кийин ага ошол кездеги бийлик “Эрдик” медалын берүү боюнча буйрук чыгарганын айтып, ал сыйлыкты бербей жатканын да айтып чыктыңыз эле…

– Ооба. Туура айтасың. Бул маселе боюнча бийликке эки ирет кайрылдым. Бакиев бербей, каршы чыккан. Атамбаев да бердирбей койду. Себеби, Рыспек Атамбаевге да убагында заводдордун акчасы боюнча суроо салган да. Тынычбек Акматбаевге өлгөндөн кийин Бишкектен Горький көчөсүнө атын берүү боюнча да жогору жакта сөз болгон. Бирок аны да бербей коюшту. Маркум Дооронбек Садырбаев трибунадан : “Айланайын Рыспек, келчи тезирээк, булар чийинден чыгып баратат”- деп кейип айткан сөзү бар эле.

– Рыспек уулуңуздун атын Чолпон-Атадагы негизги көчөгө берүүнү да сурадыңыз эле. Бирок ал сунушуңузду туура көрбөгөндөр да көп болду…

– Рыспектин атын көчөгө берүүнү баары эле колдошту. Бирок бийликте Рыспекти жактырбагандар да бар эле. Алар колдошкон жок да. Ал тургай Рыспек тирүү кезинде Чолпон-Атанын кире беришине салдырган Чолпон атабыздын күмбөз-эстелигин мен шаардын мэриясынын балансына 2017-жылы өткөрүп бердим эле. Бирок мэрия шаарга көрк берип турган ал эстеликти эч эле карабай койбодубу. Азыр барып карасаңыздар эстеликтин айрым курулуш материалдары, мрамору түшүп жатат, айлана тегереги сугарылбай куурап калды. Тегерегинин баары кир болуп, тазаланбай турат.

– Мэрия эмне дейт? Себебин сурадыңызбы?

– Сурап эле жатабыз. Акча жок дейт. 3 жылдан бери бюджетке киргизбесе эмне кылабыз эми. Бул уят эле иш . Шаардын кире бериши да. Тазалап, талапка ылайык карап турса жакшы болбойт беле. Ал эстеликти карап, тазалап турганга чоң деле акча кетпейт да.

– Чолпон-Атага арналып салынган эстеликтин алдына балдарыңыз Рыспек менен Тынычбекке да эстелик тургузганыңызды да туура эмес көрүп, сындагандар чыкты эле. Балким, ошол үчүн мэрия кайдыгер карап жаткандыр… 

-Ал эстеликке эч каршылык болгон эмес, балам. Ал кичинекей эле жазуу да. Балам тургузган Чолпон атабыздын чоң эстелигинде балдарым тууралуу кичинекей жазуу бул маселеге эч кандай себеп болбойт. Болушу да мүмкүн эмес. Балдарым деле ошого жараша эмгек кылышты да. Балдарым Тоң районундагы Эр Табылды баатырдын күмбөзүн да жакшынакай кылып салышкан. Орто-Токойдо тоонун бооруна да килтейген мечит салган. Чолпон-Атага да илгери мечит салып койгон. Анын баары эле элге кызмат кылып жатат. Андан тышкары, Рыспек Балыкчы тарапта салынган бир топ мечиттердин салынышына да салым кошкон. Көзү өтүп кеткенден кийин Сарбагыш, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарынан мени мечиттин ачылыштарына чакырып, Рыспектин жардамын айтышып, балдарга атап куран окутушту.

—Сиз негизи уулуңузду кимдер өлтүрүштү деп эсептейсиз? Андан бери 13 жылдын жүзү болуптур. Куловду, бийликти күнөөлөп жатасыз. Крим чөйрөдө да бул маселеге аралашканы бар деп ойлойсузбу?

– Рыспекти өлтүрүүгө Куловдун тиешеси бар экенин жогоруда айттым. Ошол кездеги бийлик баламды жок кылды. Мен криминалын билбейт экенмин. Крим чөйрөнүн бул маселеге аралашканга акысы деле жок да. Бирок ким билет, аралашса аралашып жаткандыр. Чолпон-Атанын эли баламдын өлүмү калыс иликтенсин, күнөөлүүлөр жазага тартылсын деп колдоп эки жолу кол топтошту. Топтолгон колду мен Атамбаевге да, Жогорку Кеңешке да жибергем. Бирок көңүл бурбай коюшпадыбы. Мурун көзүн карап, жанында жүргөндөрдүн көбү баламдын көзү өтүп кеткенден кийин тескери бурулушуп, саламга жарабай калышты да. Эмнесин айтайын. Айрымдары мына ушул биздин үйдөн чыгышчу эмес. Криминалдын баламдын өлүмүнө кандай тиешеси болушу мүмкүн? Биз толук кандуу мамлекетпиз да, күч органдары иштеп жатат. Мыйзамдар бар. Криминал болсо атайын кызматтар чакырып алып баарын сурашы керек да…

-Убагында уулуңузду коомчулук кримчөйрөнүн “атаманы” катары кабылдашып, жакшы көргөнү да, сындагандары да болду да. Айрымдар тартип орнотуп, көөп кеткен башка улуттун өкүлдөрүн ордуна коёт дешти, айрымдары болсо ар кай жылдары өлтүрүлгөн адамдарды уулуңуздан көрдү. Мындай кептер азыр да айтылып келет. Азыркы учурда бул сөздөргө карата кандай жооп айтасыз?

– Баламдын ишмердүүлүгүн ар ким ар кандай кабылдашып жатканы ырас. Чынында балам барда тартип бар эле. Азыр эми тартип жок болуп калды. Ал мындай, бул мындай деп айтууга да ооз барбайт. Маселен, балам Рыспек барда Ысык-Көлдүн тегерегинде мынчалык “бардак” болбойт эле. Ысык-Көлдүн жээгинде баштык, салафан деген акыр-чикир толуп кетти. Дааратканалар өтө аз. Көбөйтүп салыш керек эле. Көлдүн үстүндө скутерлер да абдан көбөйүп, көл үстүнө май чачып жатышпайбы. Рыспек тирүү кезде мындай көрүнүштөр жок болчу да. Балам скутерлерди көлгө жолотчу эмес. Муну баарыбыз эле көрүп турабыз. Баарыбыз эле акча деп калдык. Акча алганды жакшы билебиз. Бирок ошол акчалар кайда кетип жатканын көзөмөлдөгөн, билген киши жок. Бийлик элдин эсебинен күн көрүп жатат. Карапайым эл өзүн-өзү багууда. Тоок уурдагандар 3-4 жылга кесилип кетип жатат. Ошол эле учурда миллиондорду уурдагандар жыргап, куунап ээн-эркин жүрүшпөйбү. Президент Жээнбеков деле бул көрүнүштөрдү жакшы эле билет. Камалып , бирок кайра бат эле үйүнө чыгып жатышат. Биздей карапайым элдин караганы эле телевизор менен эле гезит. Гезит окубагандар дайыма телевизорду тиктешет. Себеби, мамлекет өнүгөбү, тартип болобу деп эле тилек кылып калдык.

– Сиз уулуңуздун көзү өткөндөн бери эле: “Рыспек балам өлгөн жок, балам тирүү” – деп айтып келесиз. Мына ушул сөзгө катылган кандай сыр бар?

– Эч кандай деле сыр жок. Эми аны бир Кудай билет. Баарыбыз мусулманбыз да. Кудайга ишенебиз. Кудайды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мен бул жөнүндө тиги-бу деп айта албайм.

– Эл ичинде: “Рыспек Акматбаев өлгөн жок. Динге катуу берилип калды эле. Өзүн өлдү кылып, оюн уюштуруп, тирүү жүрөт”- деген кептерди угуп эле жүрөсүз да…

– Угуп эле жатабыз. Эл болгон соң ар кандай сөздү айтат экен да. Анан чынында кандай экенин бир Кудай гана билет да. Мен бир нерсеге күлкүм келет. Себеби, каза болгон балама милиция эмдигиче, ушул күнгө чейин издөө жарыялап жүрбөйбү. Кудай буйруса, өкмөт билет экен. Демек, балама издөө жарыялагандан кийин өкмөт билет экен да…

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: