Menu

Солтон-Сарыда Аскар Салымбеков менен Аманбай Кайыповдун үлүштөрү барбы?

Бөлүшүү:

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» Кытай тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтоду. Кайсы убакытка чейин экени азырынча маалым эмес. Жүзү кургурдуку десе, азыр бу компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу, анын аки-чүкүсүн ар тараптан изилдөөлөр башталып турган кези. Кытайга олчойгон карызыбыз бар. Бу жагынан алып караганда, кыргыз бийлиги күнкарама болуп турган чагы. Бийликтин алты айласы кетип турат. «Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат» кейпин кийип, бир чети элди ойлоп, экинчиси, Кытай мамлекетин ойлоп. Эмнеге Кытай? Карыздан тышкары жакында эле өткөн ШОСтун толук чыгымын көтөргөнү тууралууда айтылып кетти. Орой алганда, «эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени» дегендей түр калтыргансыйт. Эми «муну да чечип, бир балээ кыл» деп Орусия президенти Путинге жалдырайбызбы? Бул жакта турган карапайым эл сарсанаа болуп убайым тарта баштады. Анысы ал, «калк айтса калп айтпайт» дейт эмеспи. Ошол Солтон-Сарыдагы «Zhong Ji Mining Company» Кытай тоо-кен компаниясында «Дордой» ассоциациясынын башчысы Аскар Салымбеков менен «контролёр» атка конгон губернатор Аманбай Кайыповдун үлүштөрү барбы? Бул суроонун жандырмагын биле албай жергиликтүү эл уу-дуу боло баштады. Көпчүлүк да түшүнбөй турган чагы. Эми биз Аскар менен Аманбай мырзаларга собол таштадык. Эл аныгын билсин да.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: