Menu

Алмаз Шаадаев, ырчы: “Жүрөк бош, сүйүү деген оору жок санаа тынч…”

Бөлүшүү:

– Чыгармачылык мезгил тандайбы, сен кайсы учурда ырларды көп жаздырасың?

– Чыгармачылык мезгил тандабайт. Жылдын кайсы учуру болбосун ырларды жаздырып, клиптерди тартып эл сынына коюп турабыз. Жаңы чыгармаларды чыгарып турбасаң ыр угармандарынын сынына кабыласың, чыгармачылыгың да аксай түшөт. Ошол себептен ар бир мезгилде жок дегенде бир-эки ыр жаздырып, клип тартып турабыз. Быйылкы жайда да куру эмеспиз. Жаңы ырларды жаздырдык. Жакында эле «Туулган күн тосуп турам» деген ырдын клибин тартып, өз күйөрмандарымдын сынына койдум. Мындан сырткары «Эки жүрөк» деген жаңы ыр жаздырганы турам.

– Чыгармачылыкка аралашканыңа 9 жылдын жүзү болуптур, кандай ийгиликке жетише алдың?

– Ооба, чыгармачылыкка 2010-жылы кадам таштадым эле, билинбей эле 9 жыл өтүптүр. Тогуз жылда менде да, чыгармачылыгымда да чоң өзгөрүү болду. Эмгектин арты, элимдин колдоосу менен бир топ ийгиликтерге жетише алдык. Ырымды уккандар, талантымды баалагандар көбөйдү. Угарман топтой алдым. Сахнадан орун таптым. Мына ошонун өзү эле чоң ийгилик деп билем. Эл аралык сынактарга катыша албасам да, элимдин сынынан өтө алдым. Буюрса дагы иштер алдыда. Элибиздин ишенимин, колдоосун, сыйын актап, мыкты ырларды жаратууга болгон күчтү жумшайм.

– Шоу бизнеске кадам таштаткан алгачкы ырың сенин атыңды чыгара алды беле? 

– Ооба, «Жаным ай» деген ырым менин атымды элге тааныта алды деп ишенимдүү айта алам. Жаңы ырдап чыкканда эле ырым эл тарабынан жакшы кабыл алынып, бат эле өз угармандарын таап, мага аздыр-көптүр угарман топтоп бере алган. Ал эми мени чыгармачылыкта бир тепкичке көтөргөн «Фаридам» деген ыр болду.

– Эми жеке жашооңо кайрылсак, качан бойдокчулук менен коштошоюн деп жатасың?

-Азырынча бул темага кайрыла элекмин. Үйлөнгөнгө убакыт бар. Азыр иштеп, чыгармачылыктагы максаттарды ишке ашырып алсам, андан кийин жеке жашоомду пландай баштайм.

– Кыялыңдагы кызды билсек болобу?

– Мени уккан, сыйлаган, түшүнгөн, чыгармачылыгымды баалаган жылдыздуу кыз болсо деп эле ойлоп калдым. Кыскасы, акылдуу, ыймандуу болсо дейм.

– Жакшы экен, кыялдагы кызга жолуккансыңбы?

– Жаштык-мастык, жүрөк бош, сүйүү деген оору жок, санаа жок… Буюрса келечекте кыялымдагы кызга жолугуп бакыт табам деп ишенем.

– Келинчегиңдин ырчы кыз болушун каалайсыңбы?

– Муну каалайм, тигини каалабайм деп айта албайм. Баары буйруктан, буйрукка баш иебиз да. Нике кайып деп коет эмеспи элибизде, анын сыңары тагдырдын жазганын көрөбүз да.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: