Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жараланган баш-аягы 45 киши Бишкек шаарындагы бейтапканаларга жана Чүй облустук ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин министрлик жараат алгандардын арасында күч түзүмдөрүнүн 15тен ашуун өкүлү бар экени, алардын бири Атамбаевдин үйү тараптан атылган аскердик октон каза тапканын маалымдаган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, учурда 43 адам ооруканада жатат. Бир киши үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү. Ооруканага жеткирилген адамдардын 13ү желим октон, төртөө ок атуучу куралдан жабыркаса, жыйырмадан ашуунунун мээси чайкалган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ