Menu

АКШ бийлик органдарынын системаларына хакердик чабуул болгонун билдирди

Бөлүшүү:

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги менен Киберкоопсуздук жана инфраструктура коопсуздугу боюнча агенттиги өлкөнүн бийлик органдарынын системаларына, ошондой эле авиациялык өнөр жай тармагына байланышы бар серверлерге хакердик чабуул жасалганын билдиришти.

Федералдык мекемелердин маалыматына караганда, кеминде бир жолу жасалган чабуулдун жыйынтыгында хакерлер тобу сыр сөздөргө, IT-инструкцияларга, сатуу-сатып алуу тууралуу жана башка маалыматтарга ээ болушкан.

Атайын кызмат өкүлдөрүнүн билдиришинче, түйүндөрдү бузуп кирүү аракети — АКШда жүрүп жаткан президенттик шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүгө багытталган.

Азырынча орусиялык хакерлер добуштарды эсептөөгө түздөн түз таасир эткендиги же каттоого алынган шайлоочулардын маалыматтарын алгандыгы боюнча далилдер жок. Хакерлер компьютердик түйүндөргө кирип, бирок «андан ары эч кандай аракеттерге барышкан эмес».

Түйүндөрдү бузуп киргенден кийин хакерлер сайттардын ишин үзгүлтүккө учуратуу жана купуя маалыматтарды жарыялоо үчүн жергиликтүү компьютердик түйүндөр тууралуу маалыматтарды колдонушу мүмкүн. Өз кезегинде бул шайлоочуларда шайлоо жыйынтыктарынын ачык-айкындуулугуна байланыштуу күмөн ойлорду жаратышы ыктымал. Буга чейин президент Дональд Трамп атаандашы Жо Байден шайлоодо алдамчылык жол менен гана жеңишке жетиши мүмкүн экенин айткан.

Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, кеп Орусиянын бийлиги колдогон Energetic Bear деген хакердик топ жөнүндө болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: