“Кыргызстан жашылдар” партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга билдирүү тапшырды. Бул тууралуу БШКнын юридикалык бөлүмү журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, арыздарды кабыл алуу бүгүн, 22-октябрда башталып, 25-октябрга чейин созулаары такталды. Шайлоо кайталанып жаткандыгына байланыштуу, бардык мөөнөттөр үчтөн бирине кыскарган.
Эске салсак, 6-октябрда БШК Бишкекте башаламандыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруу кызматы премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.
Буга чейин шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кайталап шайлоонун күнүн жарыялады. Ал 2020-жылдын 20-декабрында өтөт. Добуш берүү жаңы эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ