Menu

Иран президентинин иниси камалды

Бөлүшүү:

Президент Хасан Роуханинин иниси Хусейин Ферейдун финансылык кылмыш жасаган деген шек менен кармалганын Ирандын соту 16-июлда маалымдады.

Соттун маалымат катчысы Мохсени Эжеи «бул адам боюнча бир катар текшерүүлөр болду. Андан башка адамдар дагы текшерилип, айрымдары абакта жатат» деп билдирди телеканалдан көрсөтүлгөн маалымат жыйында.

«Кечээ ал күрөөгө коё берилген, бирок анын шарттарын бузгандыктан абакка жиберилди» деп кошумчалады соттун өкүлү.

Президенттин мурдагы жардамчысы Ферейдунду консерваторлор узактан бери финансылык кылмыштарга жана коррупцияга айыптап келишкен.

Январь айында ирандык депутаттар Ферейдундун ишин экономикалык кылмыштар боюнча сотко өткөрүп берүүгө чакырышкан. Айрымдар бул ишке саясий өңүт беришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: