БШК “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы мандатынан ажыратты. Мындай чечимге Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрү негиз болгон. Бирок мындай чечимге каршы болгон БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева: “Аида Саляновага чыккан соттун өкүмдөрү 12 жылдан кийин күчүнө кирет. Мындай учурда мандатын эмне кылыш керек деген нерсе мыйзамда жазылган эмес. Соттор жана БШК Салянованы эркиндиктен ажыраткан жок. Бирок эмгектенүү укугунан ажыратты. Эми ал эч жерде иштей албай калат. Ошондуктан БШК мандатына тийбей эле койсо болмок», – ыйламсырады. Кызык, соттор эмгектенүү укугунан ажыратып жатса, демек депутат болуп иштегенге укугу жок болот да. Журабаеванын логикасы кызык экен…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ