Menu

АКШда сенатор-демократтар Трамптын иммиграциялык мыйзамына тыюу салуу аракетинде

Бөлүшүү:

Демократиялык партиянын 30 сенаторунан турган топ АКШ президенти Дональд Трамптын акыркы иммиграциялык жарлыгын жокко чыгарууга аракет жасай турганын билдирди. Алар документти кодулоо мүнөзгө ээ деп аташты.

Демократиялык фракциянын жетекчиси, демилгечил топтун башчысы Дайан Файнстайн жарлык терроризмге каршы Вашингтондун өнөктөштөрү менен кызматташууну тереңдетүүгө дагы карама-каршы келерин баса белгиледи. Анын айтымында, жарлыктын улуттук коопсуздукка эч кандай тиешеси жок, Трамп Кошмо Штаттарга мусулмандарды киргизбөө боюнча шайлоо алдында берген убадаларын гана аткарып жатат.

6-мартта президент Трамп Сирия, Иран, Судан, Сомали жана Йемен өлкөлөрүнүн качкындарынын Америкага кирүүсүнө тыюу салган жаңы жарлык чыгарган. Иммигрант макамы бар жарандардын кирүүсүнө 90 күнгө чейин бөгөт койгон. Бул аралыкта администрация террорчулар менен байланышы бар адамдарды аныктоочу жаңы эффективдүү ыкма ойлоп табууга ниеттенүүдө.

Трамптын буга чейинки жарлыктарынын аткарылышына сот тыюу салган. Дүйшөмбүдө демократтар Траптын Мексика чегине дубал тургузуу боюнча сунушунун аткарылышына да жолтоо болушарын жарыялашты.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: