Menu

Эгер С. Жээнбеков коррупция менен күрөштү эми баштап жатса, анда Алмаз Атамбаев эмне иш кылды эле? Же дагы бир жолу С. Жээнбековду уят кылгандар жана эмне үчүн экендиги жөнүндө

Бөлүшүү:

Ушул күнгө чейин  коомчулук  Сооронбай Жээнбековдун     Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук Кеңешинин  сот,  укук корго жана көзөмөл жүргүзүү органдарындагы коррупция менен күрөшүүнүн  актуалдуу чараларына  арналган  жыйындагы  сүйлөгүн сөзүн  талкуулап  жатышат.  Президент   өз сөзүндө  укук коргоо жана  күч органдарын  катуу сындап  аларды “коррупциялашып кеткенсиңер  жана  коррупция менен күрөшүү колуңардан келбейт”  деп айыптады.

Албетте, коомчулук   жаңы мамлекет  башчысынын биринчи  расмий билдирүүсүн  чыдамсыздык менен күтүшкөн.  Ошондой эле  президент жана анын кеңешчилери  эл уккусу келген сөздөрдү айтып  коомчулуктун көңүлүнөн   “ орун тапкысы” келгени да түшүнүктүү.

Булар жогорудагы иш аракети менен  чын эле коомчулуктун  көңүл борборунан “орун” тапты.  Элдин биринчи  таасир алуусу  ар дайым эмоционалдуу болот эмеспи? Анын үстүнө   прокурорлор менен сотторду эч жерде жакшы көрбөйт.  Анткени бул кесиптердин табияты ушундай.  Ошентсе да,  улам  аталган маселелер тереңдеген сайын,   эл арасында  жана  серепчилерин  коомунда   көптөгөн суроолор туулат.

Эң биринчи эле суроо: Эгер С. Жээнбеков коррупция менен  күрөштү баштап жаткан болсо,  анда А. Атамбаевдин учурунда    кандай иштер  жүрдү эле?

Акыркы төрт жылдын ичинде мен Коопсуздук Кеңешинин Секретариатында  иштедим.  Ал жерге,  бул  жашоодо жалаң гана  жакшы сапаттарды  боорукердикти,  чынчылдыкты, акыйкаттыкты  пир тутуп жашаган  маркум    Темир Жумакадыровдун  сунушу менен келген элем.  Элдин эсинде ал  коррупция менен күрөштүн    башкы  технологу катары калды.

Темир Жумакадыров  Алмазбек Шаршеновичтен  тийиштүү тапшырмаларды алып  укук коргоо  органдарын реформалоо боюнча   даярдык жумуштарын баштаган эле.  Бул тапшырманын  алкагында мен жеке өзүм да   башка өлкөлөрдүн аталган маселе боюча акыбалын изилдеп  көптөгөн маалыматтарды окуп чыгууга туура келди.

Андыктан  толук жоопкерчиликти өзүмө алуу менен айта алам:  дүйнө жүзүндө   соттордун, прокурорлордун  укук корго органдарынын  жумуштарына баардык жарандары   ыраазы болгон бир дагы өлкө жок.

Сотторду,  прокурорлорду,  жана милицияны (полицияны)  Америкада, Европада,  Азияда бирдей эле жаман көрөт. Себептери болсо ар кандай.  Бирок ошентсе да  чындап келгенде ушул түзүмдөр аркылуу  бүткүл дүйнө жүзүндө  мыйзамдуулук жана коомдук  тартип  сакталып турганы чындык.  Булардын жумушусуз,   эң жакшы  мыйзамдар дагы эч убакта иш жүзүнө ашпайт.

Андыктан  Кыргызстан  бул маселеде өзгөчөлөнө албайт.  Эки  уй-бүлөлүк-  кландык башкаруу  режимдериндеги укук коргоо органдарынын  “түрү суук кейпин” эсиңиздерге түшүрүп көрүңүздөр!  Биздин  күч органдарында  кандай  жан кейиткен абал   эле!  Таза,  чынчыл кызматкерлердин иштешине жол берилген эмес.  Ал эми коррупционерлер  уурдап алгандарына корстон болушуп ачык эле мактанып калышкан.

2013- жылдары эле айрым саясатчылар  Ак үйдүн дарбазасын  ашып түшүп,  башкалары  облустук мамлекеттик администрациялардын имараттарын басып алып, жолдорду бууп жүрүшкөн.   Ал эми Ыссык-Көлдүн бир айылынын “ телибай тентектери”   губернаторду  барымтага алышып  бир нече айлар бою бүткүл Кыргызстанды  чыңалууда кармап турган.

Мына ушундай татаал кырдаалда  Алмаз Атамбаев башында турган мамлекет, коррупция менен  күрөштү, сот реформасын баштап  кийинчерээк  укук коргоо органдарын  реформалоого да  билек түрүнө киришти.

Мунун натыйжасында  Кыргызстанда коомдук стабилдүүлүк орноду.  Стабилдүүлүк орногон соң акырындык менен экономикада да  жөнгө салына баштады.   Эл-аралык уюмдар  бизди кедей өлкөлөрдүн  тизмесинен чыгарды.  Кыргызстанды  дүйнө эли  демократиялык  шайлоолорду өткөргөн  өлкө катары таанып  үлгү кылууда.

Мына  ушунун баардыгы     Алмаз Атамбаевдин   саясий эрки,  коомчулук менен  ММКнын  таасирдүү колдоосу   жана   укук коргоо органдары тарабынан  опол тоодой  жумуштар аткарылышынан улам ишке ашпады беле?

Андыктан, мурдагы Премьер-Министр  Сооронбай Жээнбековдун  бул иштердин баарын  билбей калды  дегенге  ишенүү абдан эле  кыйын.  Анын үстүнө  коррупцияга каршы жүргүзүлгөн  саясат  Жээнбековдун,  болгону  беш ай мурдагы   президенттик шайлоо алдындагы негизги  “ көзүрлөрүнүн” бири болгон.

Мамлекет башчысынын саясий эрки жөнүндө айтсак,  Сингапурдун легендарлуу  башчысы Ли Куань Ю мырзанын  айткандары эске түштү. Ал башка  коррупция менен күрөшүүнү каалаган эл башчыларга : “  өзүңөрдүн эң жакын 3 адамыңарды камоодон баштагыла… Ошондо  силерге  эл ишенет…” – деген насаатын айткан.   Эсинен чыгып кеткендерге айта кетейин. Алмазбек Атамбаевге бул  сыноодон өтүүгө  туура келди.

Бүгүнкү күнү   эксперттерди    Президент Сооронбай Жээнбековдун  таасирлүү билдирүүлөрүнүн  аркасында  эмнелер “катылгандыгы”  боюнча суроолор  кызыктырууда.

Бул иштердин  аркасында бийликти эңсеген  президенттин айланасындагылардын    уятка калтырган саткынчылыгы турат деп   үмүттөнгүм келет.  Ал эми  Сооронбай Жээнбековдун кечээги эле  каршылаштары бул билдирүүдө Кыргызстанды кайрадан “уйпалап коюуу”  мүмкүндүгүн көрүштү…

Анткени  Жээнбековдун   учурунда башталган  митингдердин кокустан эле болуп жатканына эч ким ишенбейт. Себеи: бул кимдир бирөөлөргө керек да?  Бул адам болумуштар,  бөлөк  “байкелер, менен эжелерге” иштөөнү  адатка айландырып алышкан.  Кыргызстанга  “жакшылык каалагандар” болсо  чекеден чыгары айтпаса да түшүнүктүү.

Президенттин билдирүүсүнөн кийин  коомчулук “  саясий өлүккө”   айлантып койгон  саясатчылар эмнегедир  кайрадан “дүүлүгө” баштады. Булар “баягылар”, регионалисттер,  мародерлор жана ушуларга окшогон кокуйлар.  Бул  азыр  “кайра тирилгендей” эле таасир калтырууда….

Карап көрөлү, кимдер бүгүн  Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун колдоп жатат! Эрежеге ылайык кечээ эле Сооронбай Шариповичти ар кандай “лакап аттар” менен атап  радикалдар менен экстремисттерге “ жабыштырып”  анын сырткы келбетин мыскылдап келгендер .  Бүгүн болсо Жээнбеков алар үчүн “келишкен”, “олуттуу” керек болсо “стильдүү”  адамга айланды.

Президент өзү деле  Р.Отунбаева,  Ш.Чолпонбаев,  Ч.Джакупова, Э.Байсалов,  Р.Карасартова,  Б.Наргозуевдердин   чыныгы жүзүн жакшы билет экендигине күмөнүм жок.

Кайрадан президенттин  “каардуу” билдирүүсүнө кайтып келели.  Бул боюнча пикирлер экиге бүлүндү.  Бирөөлөр муну чындык дешүүдө.  Бирок  комментарийлерде, билдирүүнү популисттик деп  атагандар да  болуп билдирүүнү эмне үчүн ушундай өңүттө  кылды деген суроону беришүүдө.  Алардын пикиринде  Сооронбай Жээнбеков 2016-2017- жылдардагы  Коопсуздук Кеңешинин жыйындарында   ал башкарган  Өкмөттүн адресине  укук корго органдарын  реформалоо боюнча сын пикирлер жана талаптар айтылганын унутуп коюуусу мүмкүн эмес.  Анткени өткөн  алты жыл ичине  эбегейсиз ири көлөмдөгү  жумуштар аткарылганын ал өзү да жакшы билет.

Ошондой эле  Сооронбай Жээнбеков  10 айдан кийин ( 2019-жылдын 1- январынан тарта)  соттор жана укук коргоо органдарындагы  коррупцияга каршы  схемаларды камтыган  “бомба” ишке кирет экенин да эсинен  чыгарбаса керек.  Бул “бомба”  2016-жылы  Соттук реформа  Кеңеши тарабынан   “коюлуп”  Жогорку Кеңеш тарабынан 7 жаңы    мыйзам жана кодекс түрүндө  кабыл алынган.     Анын ичинде  жаңы  Кылмыш кодекси, жаңы кылмыш процессуалдык  кодекси  жана бака камтылган.

Бул кодекстер жана  мыйзамдар  соттордун жана тергөөнүн  ачык айкын болуусун камсыз кылат.  Сот  жыйындарын  аудио  жана видео трансляция кылууга жол ачат, процессуалдык аракеттерди  көзөмөлдөөнү күчөтөт, судьялар, прокурорлор,  тергөөчүлөр  үчүн  катаал тартиптерди орнотот жана коррупция кылуу мүмкүндүктөрүнүн “ жылчыктарын” чылк бекитет.

Белгилей кетчү жагдай,  жаңы мыйзамдар менен кодекстерди   иш жүзүнө ашыруу  боюнча көлөмдүү жумуштар    уюштуруу  жана  каржылык жактан камсыз кылуу  Өкмөткө жүктөлгөн болчу.  Тилекке каржы  бул жумуштар   тездик  менен  жүргөн жок.

Ошондой эле  президент,    Алмазбек Атамбаевдин    көптөгөн  “лоббистер”  менен  күрөш жүргүзүүсүнүн натыйжасында  күч органдарынын бирин-бири кайталаган  функциялары  маселесин биротоло чечкенин  унутпаса керек.  Бул үчүн жада калса  Баш мыйзамга өзгөртүү  киргизүүгө да туура келди!  Прокуратура  органдарынан тергөө ишмердүүлүгүн алып салуу  оңой эмес, бирок абдан маанилүү болду.  Ал эми ИИМде болсо  экономикалык кылмыштарга  каршы күрөшүү түзүмү   жоюлду.   Бул тармактарда мындан башка да толгон-токой иштер аткарылды.

 Анда  мындай метаморфозанын   себеби эмнеде жашынып жатат?   Бул   президенттин  кайрылуусунан кийинки экинчи  суроо.

Президенттин Спичрайтерлери,  эксперттери,  кеңешчилери  өтө олуттуу жана    атайлап  жасалуусу мүмкүндүгү  жогору болгон катаны кетиришти.  Ошондой эле,  билдирүүнүн тезистери  Коопсуздук Кеңешинин   Катчылыгынын   “дубалдарында”  жазылбагандыгы да  байкалып турат.

Көшөгө артындагы  “спичрайтерлер”  тезистерди түзүүдө  алардын  маанилерин  президенттин  өзүнөн да  түшүнүксүз болгудай кылып жазып берүүгө үлгүрүштү.  Алар бул кылыгы менен  келечекте  стратегиялык бурулуш жасоо мүмкүндүгүнөн да ажыратып коюшту.

Ошентсе да,  тезистердин авторлору,  мурда кабыл алынган  коррупция менен күрөшүү боюнча концепциялык документтерден кабардар болбогондуктарына байланыштуу  одоно каталарды кетиришти.

Жыйынга келгендерге таркатылып берилген Коопсуздук Кеңешинин  чечимин жана  Президенттин   сүйлөгөн сөзүнүн маани маңызын    салыштырып  көрүп   билдирүү такыр эле “башка” жакта  жазылганы боюнча  туюмдар  күчөйт экени турган иш.

Анткени, өткөн жылдардагы аткарылган иштер боюча  айырма,  асман менен жердей.

Мисал үчүн:  Сооронбай Жээнбековдун  2018-жылдын 8-февралындагы сөзү:  “  Бул  түрү суук  жана коркунучтуу  коомдук көрүнүш менен күрөш жүргүзүүчү   мамлекеттик структуралар, өздөрү  коррупцияга батып өздөрүнүн  функцияларын аткара албай калды.”

Коопсуздук  Кеңешинин  Сооронбай Жээнбеков   2018-жылдын  8- февралында кол койгон  чечими:  “  Акыркы жылдары коомчулук менен мамлекеттин  биргелешкен  аракеттери,  Кыргыз Республикасында  Коррупцияга каршы улуттук системанын калыптанышына  карата олуттуу кадам таштоого түрткү берди” .

Сооронбай Жээнбековдун  2018-жылдын 8-февралындагы сөзү:  “ Биз элдин үнүн угуп ачуу чындыкты  кабыл алышыбыз керек.  Коррупция менен  болгон күрөш  бүткүл элдик мааниге ээ болушу керек”.

Коопсуздук  Кеңешинин  Сооронбай Жээнбеков   2018-жылдын  8- февралында кол койгон  чечими:  “ Коомчулуктун жана массалык  маалымат каражаттарынын жардамы менен  мамлекеттик бийлик органдарында  башкаруу чечимдерин кабыл алууда,  ачык айкындуулук камсыз кылынып,  жетекчилердин жоопкерчилиги  жогорулоодо.  Мунун баары  сапаттуу алдыга жылууларга алып келди… Кыргызстанда коррупция  мамлекеттик башкаруунун  ыкмасы  болуудан  четте калды.  Коомчулукта болсо  коррупцияга болгон туруктуу жек көрүү сезими калыптанды”.

Сооронбай Жээнбековдун  2018-жылдын 8-февралындагы сөзү:  “  Бул күрөштөгү эң негизги  күч- бул  мамлекет башчысынын саясий эрки! … Мындай  саясий эрк менде бар!  Мен бул күрөшкө даярмын!”

Коопсуздук  Кеңешинин  Сооронбай Жээнбеков   2018-жылдын  8- февралында кол койгон  чечими:  “ Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарында  жана Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин 2012-жылдын  2- февралындагы  чечимдеринде Мамлекеттик коррупцияга каршы  саясат жүргүзүү стратегиясында айтылган  Кыргызстандын  жетекчилигинин саясий эрки, жана  2013-жылдын  4-ноябрындагы  саясий  системалык коррупциянын  себептерин жоюу  ошондой эле  жарандык коом жана   ишкерлер коомчулугу тарабынан  колдоо,  көпчүлүк мамлекеттик органдарын  өзүн-өзү тазалоосуна  негиз болуп берди”.

Сооронбай Жээнбековдун  2018-жылдын 8-февралындагы сөзү:

“ .. Мага азыр  олуттуу кылмыш иштеринин  бети ачылбай жатканы жөнүндө кайрылуулар келип түшө баштады. Тийиштүү органдар болсо  майда барат  укук бузгандар менен алек болууда.  Ошондой эле мага  жогорку  эшелондогулар  кайрадан  кол тийбестерге  айланып бара жаткандыктары тууралуу  айтышууда”.

Коопсуздук  Кеңешинин  Сооронбай Жээнбеков   2018-жылдын  8- февралында кол койгон  чечими:

“ Биринчи жолу  мамлекетибиздин тарыхында  жогорку  кызматтарды  ээлеген адамдарга кылмыштык  куугунтуктоолор    башталды”.

Сооронбай Жээнбековдун  2018-жылдын 8-февралындагы сөзү:

“ Күч органдары  негизинен  Коррупцияны жараткан  факторлор  менен эмес,  анын кесепеттери  менен  күрөшүүдө. Акыркы үч жылда  ушул тармак боюнча күрөш жүргүзүп жаткан органдар  эч кандай сунуштарды беришкен жок.  Эмне үчүн бул тармак боюнча  иш кылбайсыздар?  Бул тармак боюнча сунуштарыңар жокпу?”.

Коопсуздук  Кеңешинин  Сооронбай Жээнбеков   2018-жылдын  8- февралында кол койгон  чечими:

Кыргыз Республикасынын   президентинин  коррупцияга каршы  указдарынын негизинде, мамлекеттик  органдарда  туруктуу негизде  коррупциялык схемалар  аныкталууда жана  жок кылынууда.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин   атынан   өлкөдө  коррупция менен күрөшүүнү  координация  кылуучу  мамлекеттик  институт   калыптанып,  кийин  коррупция менен күрөшүүнү  координациялоо, уюштуруу жана методологиялык жактан камсыз кылуу функцияларын  аткарат.

2016- жылы,  укук коргоо  системасындагы бирин-бири кайталаган  жана соттордун жоопкерчилигин  күчөтүү   жаатындагы  кемчиликтерди  жоюуга жол ачкан  өзгөртүүлөр   Кыргыз Республикасынын  Конституциясына киргизилген.

Мамлекеттин  сот  реформасын  ишке ашыруудагы  андан кийинки  кадамдары,  судьялык корпустун үчтөн экисин жаңылоого, соттук процесстердин  ачык айкындыгын  жогорулатууга жана  алардын жыйынтыктарынын коомчулукка жеткиликтүү болуусуна,  жана  соттордун ишмердүүлүгүнүн   материалдык жана финансылык жактан  камсыз  болуусун жакшыртууга  жол ачты.

Коррупцияга каршы  саясатты  жайылтууга    Сот реформасы  Кеңешинин демилгеси менен  кабыл алынган 2019- жылдын  1 – январында күчүнө кирүүчү  7  жаңы  кодекс жана мыйзамдардан турган, кылмыш жана кылмыш процессуалдык  мыйзамдар  өзгөчө  мааниге ээ.

2016-2017- жылдары  укук коргоо органдарын реформалоо боюнча олуттуу иштер аткарылды.”

Айрымасын сезип жатасыздарбы?  Элге болсо  баардык жетишкендиктерди  бир  гана   абзацка батырып, ошондо да   укук коргоо органдары менен сотторду материалдык техникалык  жана финансылык  жактан камсыздоо  маселелерин  угузушту.

Мындан  башка да  көптөгөн суроолор бар. Алардын жооптору  президенттин мындан кийинки кадамдарына көз каранды.

Мисал үчүн  коомчулук азыр  мамлекеттик бажы инспекциясындагы  орун алмашуулардан жана  кызматтан бошотуулардан кийин  бажы төлөмдөрү (  5-10) эсе өскөнүн кызуу талкуулашууда.   Бирок бажыдан уурдоолор  жөнүндө эч нерсе айтылган жок.

Коопсуздук Кеңешинде  айтылган  айыптоолордун  чыныгы терең  себептери боюнча маселеге кайрадан кайрылып барууга уруксат этиңиздер.    Сооронбай Жээнбеков  “алчы таасын жеген” “шок балдардын”  таасиринен гана адашып калган болсо экен деп  кудайдан тилейм.   Менин  жеке пикиримде  бул  “шок балдардын”  иш аракеттеринде  абдан прагматикалык максаттар катылып жаткандай.

Орто Азия  өлкөлөрүндө,  бийликти кармап туруунун  жана узурпациялоонун  салтка айланган  куралы катары, көпчүлүк  эң биринчи укук коргоо органдарын эсептешет.   Тилекке каржы биздин өлкө да, президенттин айланасындагы жакындары  укук короо  органдарынын жардамы менен  өздөрүнүн коррупцияга баткан кылмыштуу  маселелерин ишке ашырган мезгилдерге  күбө болгон.  Муну элдин баары жакшы билет жана жыйынтыктарын эстеринен чыгара элек.

Акыркы алты жылда Алмазбек Атамбаев,   үй-бүлөлүк кландык  режимдин  кайрадан кайтып келишине каршы  чараларды  көрүп,  реваншистердин   мурдагы эрежелерди  кайрадан алып келүү аракеттери  жокко  чыгарылып түп тамыры менен  жоюлду.  Бул иштерде  негизги  ролду укук коргоо жана  күч органдары  ойноду.  Алар  кайрадан өзгөчө шайлоо алдында  өлкөдөгү туруктуулукту дестабилизация  кылууга жол беришкен жок.  Мунун натыйжасында   шайлоолор тынч өтүп  элдин тандоосуна  толук мүмкүндүк түзүлүп натыйжада эл, өлкөдөгү тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн  камсыз болушун  тандашып  Сооронбай Жээнбековду  өздөрүнө президент кылып шайлап алышты.

Бирок, мунун баары “көз ачып жумганча” өзгөрүп  президент   Сооронбай Жээнбеков  тарыхта  кайрадан   өлкөнү туруксуздукка алып келген адам катары калышы  толук ыктымал.  Кудай сактасын!

“Көшөгө артындагы” оюнчулардын мамлекеттик башкаруу системасындагы   бийлик жүргүзүү позициясын бекемдөө аракети,  эч кандай жакшылыкка алып барбайт.  Мындай аракеттердин болуп жатышы  кийинки кездери ачык эле байкалууда.

Көмүскөдөгү  спичрайтерлер бекеринен  бири бирине карама каршы келген тезистерди жазбаган чыгаар да.  Алар бул кылыгы менен  саясий   майданда  ар кандай сценарийлердин өнүгүшүнө  “жем таштап” коюшту.  Аны менен карай  эскини эңсегендер, кайрадан президенттик башкаруунун кайтып келишин самагандар да баш көтөрүүдө.

Мындай сценарийди  ишке ашыруу  жана позициясын   бекемдөө үчүн,    өздөрүнүн катарына экс президенттин    каршылаштарын, ошондой эле  “жем жеген акырынан” ажырап калган  чиновниктерди  активдүү  түрдө кошуп алып жатышат.  Социалдык түйүндөргө  маалыматтардын күчөтүлгөн тартипте таратылып жатышы,   эң ириде Алмазбек Атамбаевдин командасын  дискредитация  кылууга  багытталганы көрүнүп турат. Коррупцияга  каршы  ишмердүүлүктүн  жетишкендиктерин жокко чыгарууга  жана парламенттик  системанын  жараксыздыгын  элдерге  таңуулоо аракеттери буга дагы бир жолу  далил боло алат.  Алар Темир Жумакадыровдун  таза ысымын булгап,  анын жетишкендиктерине жана өлкөдөгү  кырдаалды жакшы жагына  буруу  аракеттерине   “ баткак сүйкөөдөн” да кайра тартышкан жок.  Туура,  көзү өткөн адамдар  жооп берүүгө кудуретсиз.  Бул арамзалык ушуну билип туруп атайын жазалаган.

Көрүнүп тургандай  мындай шарттардан  жана тенденцияларда  кийин  саясий  чөйрөнүн арасында  регионалдык фактор  ойной баштайт.  Бул болсо өз кезегинде  кокту-колотко бөлүнүү аркылуу  өлкөнүн  бүтүндүгүнө  доо кетирет.

Мындай кырдаал эң ириде реваншистерге  өтө пайдалуу.  Ошондой эле алардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө баа бербей коюуу  терең жаңылыштык болот.  Бекеринен булар азыркы президентке   өздөрүнүн  талкуу жаратпаган колдоосун көргөзүүсү  жөнүндөгү  “ ырын  ырдап” жаткан жок.

Кыргыз стандын эли  стабилдүүлүк жана тынчтык үчүн   экс президенттин  ишин  улоочуга  добуш беришкен. Ар бир президент үчүн өзүнүн  айланасындагыларды каттал рамкаларда  кармоо  кажет.  Ал эми эки жолку  үй-бүлөлүк- кландык башкарууну башынан кечирген  Кыргызстандын шартында болсо,  бул талап    абдан эле  катаал болууга тийиш.  Бизге кайрадан жаңы “үй-бүлөнүн”  пайда болушуна жол  берүүгө болбойт… Бизге өлкөнүн бүтүндүгүн сактап,  2010 жылдагы  кейиштүү окуяларды ар дайым эстеп турушубуз абзел.

Өлкөнүн келечегине чын ыкыласынан тынчсыздануу менен,

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы Катчысы Алмазбек Курманалиев.

 PS:  Бул жазгандарымды таарынган адамдын  өч алуусу катары  кабыл албоону  суранам.   Биринчиден, мен Коопсуздук Кенешинин Катчылыгынан өз каалоом менен кеттим жана бул орундун али эле бош бойдон турганы көп нерседен кабар берет.  Экинчиден таза ысымга салыштырганда  кызмат эч нерсеге арзыбайт. А мага болсо тагдыр  абдан чоң жана жемиштүү  болгон  Кыргызстандагы Коррупцияны  ооздуктоо иш чараларына катышуу мүмкүндүгүн берди.  Үчүнчүдөн:  Кыргызстандын эли  2012-2017-жылдардагы Коопсуздук Кеңешиндеги  биздин ишибиздин жыйынтыгын  көрөт деп ишенем.

Кыргызчалаган Тимур Кадырбек уулу

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: