Menu

Веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн 64 кыз-келин катталды

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл жыл башынан бери Интернет аркылуу интим кызмат көрсөткөн 64 кыз-келинди каттоого алды. Шаар милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар веб-камера аркылуу кардарга жылаңач денесин көрсөтүп акча табышат.

Милициянын маалыматында мындай иш менен алектенгендер тобокел топтордун катарына киргендиктен, каттоого алынышы зарыл экени айтылат.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интимдик кызмат уюштургандарга каршы чаралар жазылган. Ал эми денеси аркылуу акча тапкандарга каршы мыйзам жок.

260-берене (“Сойкулук кылууга тартуу”), 261-берене (“Сойкулук кылыш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу”) деп аталат. Бул боюнча айыпталгандар беш жылга чейин камалат.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: