Жума башында Фарид Ниязов аппаратка уурдана келип, орун басары Мукан Абулгазиевдин кабинетине кирип, ой-да арманын бөлүшүптүр. Экс-президент Атамбаевден сөгүү укканын төкпөй-чачпай айтканы кандай? Ошого катар сыйы менен эле кызматтан кетип калуусун божурап, ыраазычылыгын билдирип, анан өзүнүн кабинетиндеги буюмдарын көтөргөн бойдон жолго түшүптүр. Эми Фарид Ниязов КСДПнын саясый-идеологиялык иштери менен алектенип, шайлоого карай даярданмакчы…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ