Menu

ДНК анализ жасатууга талап өстү

Бөлүшүү:

Кыргызстандыктар атайын лаборатория жоктугунан ДНК анализди АКШга же коңшу Казакстан, Орусияга жиберүүгө мажбур. Тууганчылыкты аныктоо жабдуулары жок болгондуктан, соттук-медициналык экспертиза да аксап келет. Учурда алты миллионго жакын калкы бар Кыргызстанда ДНК анализди аныктоочу жай жок. Мунун айынан муктаж болгондор коңшу өлкөлөргө же чет мамлекеттерге барууга аргасыз. Соңку кезде медициналык бул кызматка өлкөдө талап күчөдү. Айрыкча ортодогу күмөн саноого чекит койгусу келген жубайлар мындай лабораторияга кайрылууга аргасыз.

Кыргызстанда ДНК анализди азырынча “Интелмед” (эл арасында “Бонецкий” деп айтылып жүрөт) лабораториясы чет мамлекетке жөнөтүп аныктап жүрөт. Дактилоскопиялык анализди чогулткан Кыргызстандагы бул лаборатория Кошмо Штаттардагы бир изилдөөчү компания менен келишим түзгөн. Анализдер ошол жакка жиберилип, эки аптанын ичинде кайра келет. Баасы 18 миң сомдон жогору. Ал эми криминалистикада жана соттук-медициналык изилдөөдө ДНК анализди аныктоодо адистер Орусия менен Казакстанга кайрылууга аргасыз.

Бирок Кыргызстанда ДНК анализди аныктоого талап курчуп жатканы менен мындай лабораторияны куруу демилгеси көтөрүлө элек. Бул да болсо каражат маселесине такалат. Анткени андай лабораторияны куруу өтө көп каражатты талап кылат. Демилге көтөрүп, ачкан күндө да бизде бул жаатта кесипкөй адистер жок. Москва же Астана менен сүйлөшүп адисти ошол жактан окутуп, өтө мыкты деңгээлде даярдоо маселеси да акчага көз каранды. Бирок келечекте лаборатория куруу зарылдыгы күч.

Жеке эле соттук-медицинадан тышкары онкологиялык оорулар жана башка оор дарттарды дарылоодо жана аныктоодо маанилүү болгон ДНК маалыматтардын базасы АКШ, Канада, Жапония, Кытай жана Түштүк Америкадагы айрым өлкөлөрдө бар. Эң чоң ДНК кампа Британиянын улуттук ДНК базасы болуп саналат. Анда 2015-жылы 5,7 миллион кишинин гени тууралуу маалымат топтолгон.

Медицинада ДНК анализдин пайда болушуна британиялык генетик Алек Жеффрис себепчи болгону айтылып келет.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: