Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы арасында “Ден-соолук – 2018” аталышындагы спартакиаданын алкагында шахмат боюнча мелдештер өтүп, чыгарылды. Ага жалпысынан эркектерден 18, аялдардан 16 шахматчы катышты.
Таймаштын жыйынтыгында эркектер арасында биринчиликти окуу жайынын ректораты багындырды. Алар – шахматчылар Кеңешбек Усенов жана Жеңиш Куваков. Экинчиликти Жалал-Абад колледжи ээледи: шахматчылар Марип Бекешов жана Идирис Абдуллаев. Ал эми үчүнчү орунду медицина факултети багындырды: шахматчылар Жунус Ташболотов жана Тайтокур Жусубалиев.
Ошондой эле аялдар арасында биринчи орунга Жалал-Абад колледжи жетти: шахматчылар Күмүшай Мырзабаева, Бермет Темиркулова. Экинчи орунду педагогикалык факултети алды: шахматчылар оюнчулар Аширхан Мырзабаева, Махабат Бекназарова. Үчүнчү орунду медицина колледжи ээледи: шахматчы Гүлзада Акматова.
Эскерте кетсек, мелдеш айлампа түрүндө жүргүзүлүп, эркектерден 9 команданын, аялдардан 8 команданын ортосунда таймаш болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ