Menu

Ашхабадда бюджеттик мекемелерде иштегендер өз эсебинен тест тапшырууга милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында бийлик бардык мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерин өз эсебинен коронавируска тест тапшырууга милдеттендирди. Бул тууралуу атайын жарлык чыкканын «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Айрым маалыматтарга ылайык, шаарда мындай тесттин баасы 100 манат же 28,5 доллар турат. Тест тапшырган кызматкерлер мындай маалыматты иштеген жерине тапшырууга милдеттүү. Бирок дарыгерлер ал маалымдамага тесттин жыйынтыгын жазбайт, аны ошол кызматкердин жетекчилерине жөнөтөт.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин өз эсебинен мажбурлап тест тапшыртып жатканы тууралуу расмий комментарий ала алган жок.

Түркмөнстан коронавирус бар экенин эмгиче расмий ырастай элек. Буга чейин өлкөдө ооруканалар өпкөсү кагынган бейтаптарга толуп калганы, бул оорудан көз жумгандар көбөйгөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

Июлдун ортосунда Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү Ашхабадды өлкөдө коронавирус бар сымал аракеттерди көрүүгө чакырган. Мындан кийин Ашхабадда ири базарлардын, дүкөндөрдүн иши убактылуу токтотулган. Лебап облусунда коомдук жайлар, мечиттер жабылып, Мары шаарында той-аш өткөрүүгө тыюу салынган. Өлкөнүн бардык аймактарында бийлик өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, жарандарды көчөгө чыкпоого жана беткап тагынып жүрүүгө чакыра башташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: