Menu

Кыргызстан өзүнүн инвестициялык потенциалын Женевада өткөн жыйында көргөздү

Бөлүшүү:

15-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилиги “Швейцария / Россия / КМШ” соода палатасы менен Женеванын соода-өнөр жай палатасынын биргелешкен жыйынында катышып, анын жүрүшүндө Кыргызстандын Швейцариядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Мукашев Кыргызстандын соода, экономикалык жана инвестициялык потенциалы, өлкөнүн туризм тармагы жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу кеңири презентация жасады. Бул туралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Швейцариялык бизнесмендердин назарына Кыргызстандын экономикасынын энергетика, инфраструктура, туризм, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба, транспорт жана коммуникация ж.б. ушул сыяктуу приоритеттүү тармактарындагы конкреттүү проектилер тартууланды.

Жыйындын жүрүшүндө эки соода палатасынын мүчөлөрү тең үстүбүздөгү жылдын 5-9-сентябрларында Кыргызстанга иш-сапар менен келип, өлкөнүн экономикасына инвестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана Кыргызстандын мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрү менен түздөн-түз карым-катнаштарды орнотуу ниеттерин билдиришти.

Эки палатанын мүчөлөрү ошондой эле Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары Швейцариянын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга боло турган иш сапарын эффективдүү жана жемиштүү уюштуруу үчүн бардык шарттарды түзөт деген үмүттөрүн билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: