Menu

Кабыл Макешов: Ак койдун Ала-Тоодой арманы

Бөлүшүү:

Несин айтайын, арманым Ала-Тоодой болуп жана аттын башынан да ашып кетти. Учурда ак төөнүн карды жарылган күз… Аш-тойлордо казан толо эт кайнап, укум-тукумубуз азайып баратат. Алдыда кылычын алып кычыраган кыш келатат. Жаткан жерим сыз, багыдай жайыт кенен эмес, чөп да чыкпай, жегеним саман, котур болуп, ар кайсы жерге сүйкөнүп, абалым өтө жаман. Арманымды Президент Сооронбай Шариповичке, жалпы журтка маалымат каражаттары аркылуу айтууга аргасыз болуп турган кербезим…

Жылда туусам жылда жок, кожоюн козумду жеп, тукум курут болуп баратам. Далай тууганым кара өпкө деген дарттан кырылса, Кытайдын дарысынан дагы көбү өлүп тынды.
Чычкактап, шакмарды, өзүмдү көтөрө албай калдым. Бир бөтөлкө аракка сатылган күндөр болду. Анда эмесе, кеп башынан болсун.

Оо анда, союз учурунда баркталып, Кыргызстандын атын далай жерге тааныттык го. Таштанбек Акматов баш болгон жүздөн ашуун чабан биздин аркабыз менен урмат сыйга бөлүнүп, ата-бабасы көрбөгөн Москөөгө чейин барышып, Кремлден Социалисттик эмгектин баатыры деген алтын жылдыз тагынып, төбөсү көккө жетип турду го чиркин!? Ала-Тоонун койнунда укум-тукумубуз узарып, жайыттын бетин бербей, чөптүн түрүн, бүрүн тандап отточу элек. Биздин жүндөн не деген түрдүү жип-шуу эшилип, кезмедеден костюм шымдан пальтого чейин тигилип, завод-фабрикалар гүлдөп иштеп, далай тигүүчүлөр эле жүнүбүздүн аркасы менен даңкталды. Токмоктогу жүн иштөөтүчү фабирка, Бишкектеги 1-Май, ВЛКСМ жана башка фабрикалар түп орду менен таланып, тонолуп жок болгонун көрүп, жакамды кармадым.

Туут өнөктүгү болгондо сакманчылар келип, мотурайган козуларыбызды өз балдарындай каркордук менен багып, чоңойтчу эле, ал күндөрү… Жөтөлүп калсаң мал догдуру чуркап келип, көзүңдүн агы менен тең айланчу. Балдарды эмдегендей эле козуларымды эмдеп, жайкысын краллинге салып, котур дегенди билчи эмес элек. Айтор бир жыргал заманды баштан кечириптирбиз. Жатканыбыз жыпжылуу сарай,алдыбыздан сыз өтпөй, жем- чөптөн өксү болбой, көкөй кескен көйгөй дегенди билбей учурунда жыргап жашаган экенбиз. Биздин этти Москоо, Ленинградга жөнөтүп, абдан даамдуу, аш болумдуу деп далайы тамшанганычы!? Кой жайып жатсаң сонун да, тоо жаңыртып ырдашып, акындар далай ыр арнаганы дале эсимде…

Көңүмдүн табына далайлар жылынды го, ырахаттанып… Илимдер Академиясында далай окумуштуулар биздин тагдырга, тукумду жакшыртууга мээсин оорутуп, илим жактап, доктор, профессор, академик болгону канча. Анан балээ басып, бейпил кой үстүнө жумурткалаган заман астын-үстүн болуп, ишенген Союз ыдырап, ар бир республика эгемен өлкө болгону кор болдук. Академик Акаевге жетсин убалыбыз. Колхоз-совхоздор тарап, короо-короо койлор таланып, тонолуп, сарайларыбыз бузулуп, аз эле жерден тукум курут болуп кала жаздадык. Бир козумду бир бөтөлкө аракка алмашканда каңырыгым түтөп, өлбөгөн төрт шыйрагым калды го чиркин. Карышкырды мыкаачы деп жүрсөм, адамдан өткөн мыкаачы, канкор жок экен бу дүйнөдө. Бирин -экин жесе мейли, бизди кудай ушундай аш-тамак үчүн жараткан тура деп моюн сунуп келсек.

Эгемендикке эсирген айрымдар баркыбызды билбей, эмнеге гана алмашып, кандай гана азап-тозокту көрсөтпөдү дейсиң?! Мурда кыргыздын ак коюу, экономиканын, айыл- чарбанын тиреги деп гезит-журналдар, теле-радиодо макталып, даңкталып келсек, учурда кой чарбасынын көйгөйү, биздин келечегибиз, абалыбыз тууралуу массалык маалымат каражаттарында да кеп козголбой калды. Андан көрө бир артист, ырчынын же депутаттардын маектерине, саясатка басым жасалып, экономиканын тиреги, түркүгү болгон кой чарбасына өгөй мамиле болуп келатканы бизди абдан өкүндүрөт. Байкасам, ич күйдүлүк же көралбастык эмес, кийинки мезгилде кара койлор көбөйүп, куйругу кучак, кылчык жүндүү, бир карасаң тайгандай койлор басымдуулук кылып баратканы, учурунда ардакталган ак койдун тукуму азайып баратканына кейип турам. Жаман өзүн мактайт дебегиле, тээ илгертен эле окумуштуу адистердин айтымында, чыныгы эт, жүн багытындагы койлор Ала-Тоонун жаратылышына ылайык меринос тукумундагы койлор болуп саналып келген. Чынында бизде холестерин аз болуп, этибиз каракесектүү келип, анык эт багытындагы кой деп таанылган. Муну орус ойлоп тапкан, орустун кою, союздан калган деп жаңылышкандар да бар. Андай эмес, биз уяң жүндүү меринос ак кою – кыргыздын улуттук кою, улуттук жүзү болуп саналабыз. Кыргызстандын жаратылыш шартына ылайыкталып, ондогон жылдар бою улам тукумубузду жакшыртып, далай мээнет, түйшүк, илимий иштердин натыйжасы менен асылдандыруу иштеринин аркасында пайда болгон койбуз. Биз Казакстандын, Өзбекстандын койлоруна түк окшошпойбуз. Себеби, биз Кыргызстандын тоо-ташына, жаратылышына ылайыкташканбыз да. Учурда биздин баркты, баабызды билбей учурда кор кылып койдуңар го. Бир бөтөлкө аракка сатылган учурларыбызды эстесем көзүмө жаш келет.

Колхоз-совхоздор тарап, таланып-тонолгондо биздин убалыбызга калдыңар. Ак кой – элдин байлыгы деп сыймыктанып айтылып келген эле. Эми дагы этегиңерди эртээрек жыйбасаңар ошол байлыкты учурда дагы сактай албай кол жууганы турасыңар. Эсинерди жыйып, эртерээк ойлонгула…

Учурунда чабан деген сыймыктуу кесип болсо, азыркыча айтканда фермер ар кимиси өз арбайын өзү согуп, өз киндигин өзү гана кесип, эптеп биздин аркабыз менен үй-бүлөөсүн багып жүрөт. Эл болгондон кийин арасында асыл тукум кой чарбасына кызыккан бирин-экин адис бар экен.

Мурда Австралиядан асыл тукум кочкорлорду алып келип, куут компаниясына чоң маани берилсе, азыр андай кочкорлорго зар болуп жүрөбүз.

Кочкор районунун Шамшы айылынын тургуну, жеке ишкер, алдыңкы фермер  Уларбек Абдрасуловдун асыл тукум деп эсептелген Тянь-Шань породасындагы миңге чукул кою бар Ушул жигит гана ак койду сактап, тукумун көбөйтүүгө болгон аракетин көрүп келатканы бизди чексиз кубандырат. Аттиң Уларбектей жигиттер арбын болсо гана…. Ошол Уларбек өткөн жылдары ак койдун автору, өзү орус болсо дагы Кыргыздын меронос койлорун аргындаштырып, асыл тукум кылган академик Михаил Лущихиндин кызы менен бирге кызматташып, мурдакы жылдары Орусиядан тоңдурулган урук алып келиптир деп угуп, абдан сүйүндүк. Бул 28 жылдан бери биринчи ирет Кыргызстанга келген алгачкы саамалык, жаңылык деп, бизге качан келет, майдаланып бараткан тукумубузду жакшыртсак болоор эле деп саргайып күтүп жатабыз . Аларды деле түшүнсөк болот, Орусиядан кочкорлорду тирүү алып келиш, түйшүктүү иш. Эгерде Уларбек Абдрасуловдун демилгесин өкмөттүк деңгээлде колдоп, жанагы айыл чарба министрлиги, Илимдер Академиясы менен бирдикте ушул маселени чечип, ак койдун тукумун жакшыртып, кредит бөлсө, Орусиядан тирүү кочкорлорду алып келип, тукумун көбөйтүп, тамтыгы чыккан кой сарайларды ремонттоп, бир нече жылдан бери Илимдер академиясы менен жүргүзүп келаткан илимий иштерди тереңдетип, малдын асылдуулугун арттырса дурус болмок да. Жыл өткөн сайын биздин аппак жүнгө болгон суроо-талап жылдан жылга көбөйүп баратат. Учурда ак жүнгө кызыккандар көп. Менин жүнүмдү кыркып, жууп, иштетип далайлар пайда таап, не деген кийим-кечек, шырдак-ала кийиз, боз үйлөр жасалбады дейсиң?! Көргөндүн көзү сүйүнөт эле да.

Жанагы башы кыйын иштеген, келечекти көрө билген Акылбек Жапаров мындан 10 жыл мурда ар бир кой, малдын паспорту, документи болуш керек десе, аны шылдыңдап күлгөндөр болгон эле…

Бул мезгилдин талабы, Кытай чыгарган оюнчук, буюм-тайымдардын деле атайын паспорту жүрбөйбү. Биз деген аларга караганда тирүү жанбыз го. Паспортубуз болсо, козумдун ата-теги, качан туулуп, куулганы да жазылып, уурдалып кетсем да эн белги менен таап алууга шарт түзүлмөк. Чет өлкөдө жашаган уй, кой, ит-мышыгына чейин илгертен эле паспорту бар. Акылбек Жапаровдун айтканын ошол учурда көпчүлүк туура эмес түшүнгөн. Айрымдар паспорт десе эле аша чаап, маанисин түшүнбөй жерип чыккан эле. Бул өзүн өзү тастыктоочу документ деген эле сөз да. Бизди каттоодон өткөрүп, документ алып койбосо, Кыргызстанда мал чарбасы өнүгүп-өспөйт. Ар бир малдын ден соолугун карап, эсебин тактап, анын асылдуулугун жакшыртпаса, өсүш жок. Чет өлкөдө бул иш кадыресе көрүнүш, андыктан убагында колго алганыңар оң. Анан дагы бир көйгөй, бизге Кытайдан же башка жактан не деген сапатсыз дары дармектерди алып келип, ушунун айынан канча мал кырылып калды. Дарыны малдын ээси же мал догдур өзү сатып келет экен. Мал ээси сатып келсе, мал догдур бизди дарылап коет.

Андыктан жакшы же жаман дары деп эч ким айталбайт. Же биз адамдардай бул дары самопал экен деп айталбасак… Мал дарысын саткан фирма, дарыканалар каалаган дарысын, товарын сатат, кайдан алганы менен эч кимдин иши жок. Жоопкерчилик да жоголгон. Буга өкмөт, Айыл чарба министрлиги түздөн-түз көзөмөл жүргүзүүсү керек эле да. Андай болбой бул тармакта да башаламандык өкүм сүрүп келатат. Мал догдурларды ар бир айылга бекитип, бул ишти колго албаса, мал ылаңдары күчөп жатат.

Учурда кара өпкө деген оорудан далай кой кырылып калды. Ошол өлгөн малдын тарпын өрттөп же көөмп салбагандыктан, сай-сайдын жээгинде өлүгүбүздү ит да жебей, ирип- чирип, чымынга той болуп, алар аркылуу дагы кайра оору жайылтып жатат.

Меринос тукумундагы ак кой көбөйсө, анда бардык өндүрүш жандана баштайт эле. Мынакей, биздин жүндү кырккандар акча алышат, жүндү кайра иштеткендер иш менен камсыз болуп, салык төлөйт. Жүндү жип-шуу кылган камволдук-нооту комбинаттары иштеп, далай киши иш менен алектенип, өлкө үчүн пайда алып келмек. Ак койдун төлү да, жүнү да, эти да, териси да баалуу, ал түгүл көңү да пайда алып келгени кашкайган чындык. Мисалга жүнүбүздү эле алсак, жүн алган жер бир салык төлөсө, жүндү иштеткени бир салык төлөйт, жүндү ийрип, жип кылгандар, токугандар, аны саткандар да өз-өзүнчө салык төлөшмөк. Ак жүнүбүздөн эле ушунча пайда түшүп жатпайбы?!

Айылда мал баккандар, жайытты пайдалангандарды кошкондо ак койдун аркасы менен 7-8 салык төлөнүп, мамлекеттин казынасына чоң каражат түшмөк. Ушундай керемет ак койдун кадырына жетпей жүрөсүңөр! Кеч боло электе ойгонгула, ойлонгула. Канча министр, өкмөт башчы алмашты. Бирөө да менин тагдырыма башын оорутуп койгон жок. Алардан үмүт үзүлгөн. Ушул чет элди, жерди көргөн, жакында эле мал, кой чарбасы менен таанылган, экономикасы өнүккөн Монголиянын иш-тажрыйбасы менен таанышып келген, илим-билимдүү, Айыл чарбасын, мал чарбасын мыкты билген Президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбеков мырза арыз-муңумду угуп, көңүл бурабы деген үмүттө жүрөбүз. Андан мурунку Атамбаев деле арманыбызды угуп, көз кырын салбады. Эми айыл чарба институтун бүтүп, мал чарбасынын сырын билген Сооронбай мырзага арыз муңду жеткире албай, аргам түгөнгөндө кайрылып отурам. Жыйынтык чыкпаса жаз алды менен Акүй алдына пикетке чыгып, ачкачылык жарыялайм.

Ак койдун арманын кагазга түшүргөн журналист Кабыл Макешов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: