Menu

Видео – Москвада кыргыз таксист уктап кетип, тротуарда бараткан футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-июндун кечинде, Москванын Ильинка көчөсүндө, теги кыргызстандык, 28 жаштагы таксист Анарбек уулу Чынгыз рулда уктап кетип, жай эле жылып бараткан машинанын газын басып жибергендиктен, машина жолдон чыгып тротуарда бараткан футбол күйөрмандарын сүзүп, тебелеп кеткен. Натыйжада, 8 адам ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөн, алардын ичинен бирөөсү оор абалда. Бул тууралу Россиянын бир нече ММКлары жазып чыгышты.

Такси тротуарда бараткан мексикалык, украиналык, азербайжандык жана россиялык жарандарды сүзгөн. Машина жол белгисин сүзүп токтогондон кийин таксист Анарбек уулу Чынгыз шоктон уламбы айтор качууга аракет кылып, бирок ал жерде тургандар кубалап кармап алышкан.

Колго түшкөн Чынгыз Анарбек уулу медициналык текшерүүдө спирт ичимдиктерин ичпегендиги аныкталды. Бирок эки күндөн бери толук кандуу уктабай, кардарлар жок учурунда гана машинада куш уйку салып жүргөн. Кырсыктын кантип болуп кеткенин өзү түшүнбөй калган. Билермандар уктап кетип, газды басып жиберген деп жыйынтык чыгарып жатышат. Полиция Кылмыш-жаза кодексинин “Жол эрежесин бузуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Москванын мэри Собянин бул кырсыктын иликтенишин өз көзөмөлүнө алганын Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Кыргыз элчилиги укук коргоо органдары жана ал иштеген таксомотордук ишкана менен байланышып, Анарбек уулу Чынгыз кыргыз жараны экенин тактаган.

https://www.youtube.com/watch?v=ufFMtqZgl9U

https://www.youtube.com/watch?v=GsV5MMCLKtA

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: