Талас облусунда 30 коробка тамекини Казакстанга мыйзамсыз экспорттоого аракет жасагандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинде тамеки жүктөлгөн жүк ташуучу унаа кармалган. Айдоочу уруксат кагаздары жок 15 жарым миң таңгак тамекини чек ара аркылуу коңшу өлкөгө алып өтүүгө аракет кылган.
Кармалган унаа бардык жагдайлар такталмайынча айып короосуна токтотулат. Ал эми аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн жалпы баасы 1 миллион сомго жакын.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ