“Мен бүгүн эле жаңы маалыматты окудум, 4 партия биригип, бир “Ата-Мекенге” кириптир деп. Туура андай сүйлөшүүлөр жүргөн, мага да ушундай сунуштарды аябай катуу беришти, бирок, биздин баалуулуктарыбыз башка. Биздин максаттарыбыз башка”, – деп билдирди бүгүн, 5-июнда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров телеканалдардын бирине интервью берип жатып.
“Биздин мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттик тартип, эл аралык саясат, экономикалык маселелер боюнча таптакыр башка көз караштабыз. Ошондуктан биз алар менен биригүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Эптеп эле биригүү, эптеп эле парламентке баруу деген максатты биз алдыбызга койгон эмеспиз. “Бүтүн Кыргызстандын” өзүнүн туруктуу, өзгөрбөс баалуулуктары бар, позициясы бар. Ошондуктан башка бир партиялар биригүү тууралу эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес. Биз башка бир партиянын алдына барып, программаларына биз макулбуз деп бара турган партия биз эмеспиз”, – деди Мадумаров.
“Уюмдар менен сүйлөшүп жатабыз, коалиция кылышыбыз керек деген болуп Темир Сариев бир нече жолу келип кетти. Жолуктук, сүйлөштүк, бирок мен чечкиндүү түрдө четке кактым андай сунуштарды. Биз бириге албайбыз”, – деди Адахан Мадумаров.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ