Бүгүн, 25-октябрда үйлөнүү тойдогу жапырт мушташтын видеосу социалдык тармактарда тарап, ИИМ окуя болгон жерди издеп жатканын билдирген. Окуя каерде болгону бат эле такталды. Ал Жалал-Абад облусундагы Ноокер районунда болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББдан билдиришти.
Алардын айтымында, окуя Ноокен районунда болгон. Мушташ болгон жерден ооруканага жеңил жаракат алган 25 жаштагы 23 бала кайрылып, алгачкы жардамды алып кетип калышкан. Алар милицияга арыз жазуудан жана экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ