Menu

Президент Жээнбеков ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды.

Мамлекет башычы Томас Гремингердин Кыргызстанга келиши өлкөдөгү жүрүп жаткан демократиялык реформалар жана өнүгүүнүн тандап алган саясий багыты ЕККУ тарабынан колдоого алынып жаткандыгын көрсөтүп тураарын белгиледи.

«2005- жана 2010-жылы Кыргызстанда болуп өткөн окуялар диктатуранын жана парламенттик демократиянын кагылышы болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ЕККУнун да колдоосу менен өлкөбүз оор сыноолордон өтүп, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калдык. Өткөн президенттик шайлоо Кыргызстандын демократиялык жол менен кетип жаткандыгынын ишенимдүү далили болуп саналат. Биз парламентаризмди тандап алдык жана бул жолдон тайбайбыз, анткени мамлекеттин келечеги парламенттик демократияга байланыштуу», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы 2018-жыл өлкөдө Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салып, элеттиктердин жашоо шартын жакшыртууга, региондордун экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мындай чаралар миграциянын агымын азайтууга багытталган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири санарип экономикасын алдыга жылдырууга шарттарды түзүү экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Томас Гремингерди ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердигинин 20 жылдыгы менен куттуктап, мындан ары  да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

ЕККУнун күзүндөгү Парламенттик Ассамблеясы Кыргызстанда өтө турганын айтып, мамлекет башчысы бул иш-чара өлкөдөгү парламентаризмди бекемдөөгө көмөктөшөөрүн белгиледи.

ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингер Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына шайланышы менен куттуктады.

Кыргызстанда демократиялык институттар ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, республикадагы адам укуктарын коргоо боюнча жакшы жагдайларга токтолду.

«Биз сөз эркиндигин коргоого багытталган Сиздин чечимдерди канааттануу менен кабыл алдык. Ошондой эле биз Сиздин жарандык сектордун өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын баалаганыңызга кубанычтабыз. ЕККУ  мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, сөз эркиндигин жана адам укугун коргоо, жарандык коомду колдоо сыяктуу принциптерге таянган парламенттик демократияны бекемдөө иштеринде Кыргызстанды колдойт», — деп белгиледи Томас Гремингер.

Ошондой эле ЕККУнун башкы катчысы Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына токтолуп, бул документ ЕККУ жана Кыргызстандын узак жана кыска мөөнөттүү өнөктөштүгү үчүн жакшы аянтча болуп берерин белгиледи.

Ал ЕККУ Өкмөттүн аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүнү жана «Таза коом» долбоорун ишке киргизүүнү камтыган бир катар иш-чараларды  ишке ашырууну улантаарын белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле тараптар аймактардын деңгээлиндеги долбоорлорду ишке ашыруудагы өнөктөштүк боюнча дагы пикир алмашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: