Menu

Жалал-Абадда жаны жылдык иш-чараларга жарым миллион сом бөлүндү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардагы өткөрүлүүчү Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларга 458 миң сом каражат бөлдү. Ошондой эле майрамдык иш-чаралар планын бекитти. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Биринчи кезекте шаарды майрамдык жасалгалоо, бардык мекеме-ишканаларда даярдык иштерин аяктоо, шаар аймагында коомдук кооспуздукту, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жагы тийиштүү мекемелерге тапшырылды.

Ар кайсы фирмалардан алынып келип жаткан пиротехникалык каражаттарды мыйзамдуу алынып келишине, кампаларда жана соода түйүндөрүндө сакталышына, сапатына жана уруксат кагаздарынын барлыгына көзөмөлдү күчөтүү, ал эми мыйзамга ылайык келбеген пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салуу жагы белгиленди. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында пиротехникалык каражаттарды пайдалануудан зыян тартып калуулардын алдын алуу жагы да көздө тутулууда.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: