Menu

БШК партиялардын шайлоо эсептерине канча акча келип түшкөнүн жана канчасы коротулганын элге жарыя кылды

Бөлүшүү:

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыша турган саясый партиялардын шайлоо боюнча ачылган эсептерине акчалар келип түшүп, ал каражаттар шайлоого даярдыктарга коротула баштады.

Эскерте кетсек, шайлоого быйыл 43 саясий партия катышууга ниеттенүүдө.

“Ордо” партиясы эсебине 200 миң сом которуп, 195 835 сомду кайтарып алган.

“Кыргызстан” партиясынын эсебине 10 миң сом келип түштү. Аларга али тийе элек.

“Реформа” партиясынын эсебинде 348 520 сом бар. Азырынча чыгымдар болгон жок.

«Ата Мекен» партиясы эсебине 1 млн 999 миң 900 сом жыйнап, эч кандай чыгым боло элек.

“Мекенчил” партиясынын эсебинде 11,5 миң сом бар. 20 сом короткон.

“Чоң казат” партиясынын эсебинде 375 миң сом бар. Азырынча чыгымдар болгон жок.

“Биримдик” партиясы кызмат көрсөтүүлөргө жана эмгек акыларга контракттар боюнча эсепке алынган 200 миң сомдун 80,025 сомун сарптады.

“Республика” партиясы эсепке 800 миң сом которуп, комиссияларга 120,4 миң сом коротууга жетишти.

“Бир Бол” партиясы өз эсебине 9 миллион 676 миң сом которуп, 5 миллион 269 миң 140 сом үгүт материалдарына, жайларды ижарага алууга жана башка кызматтарга сарпталды.

“Кыргызстандын Жашылдар” партиясынын эсебине 200 сом салынган, бирок сарптала элек.

“Социал-демократтар” эсепке 1 миллион 703 миң 510 сом которгон. Мунун ичинен 1 миллион 544 миң 8 сом ижара акысына, Интернет-банкингге жана чектерге сарпталды.

“Мекеним Кыргызстан” эсепке 3,035 миллион сом которуп, маалыматтык материалдарды, үгүт материалдарын (алдын ала төлөө) жана текшерүүлөрдү жайгаштырууга 2 миллион 718 миң 405 сом сарптады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: