Menu

Пакистандан келген медициналык студент Аббас Али Шахтын сабалышы боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Пакистандан келген медициналык студент Аббас Али Шахтын сабалышы боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Иш Аламүдүн райондук сотунда карала турганы такталды. Айыпталгандардын үчөө тергөө абагында отурушат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 15-июль күнү Бишкекте окуп жаткан Пакистандык студент-дарыгер Аббас Али Шах коронавирус менен ооруп жаткан Бишкектиктерге ыктыярчы катары жардам берүү ниетин билдиргендиктен шаар бийликтери аны кааланын N95-мектебинде ачылган күндүзгү стационарга жөнөтүшкөн.

Күндүзгү стационарда иштеп жаткан студент-дарыгер Аббас Али Шах 19-июлда достору менен тоого чыгып, Кой-Таш айылынын аймагында эс алып жатканда аны жана анын досторун кыргыз жигиттери тийишип сабап кетишкен.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн капчыгайында эс алып жаткан пакистандыктарга бир нече кыргыз жигиттери келип тийишип “бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр? Өз жериңерге кеткиле” деп кекетип, мушташ чыгарышкан. Натыйжада Аббас Али Шахтын мурду сынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: