Menu

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор миң евро айыпка жыгылды

Бөлүшүү:

2018-жылы 6-октябрда АКШда UFC 229 турниринде орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдон утулуп калган ирландиялык мушкер, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор миң еврого айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Алардын жазганына караганда, Дублиндин аймактык соту кечээ, 1-ноябрда Конор Макгрегор боюнча ишти карап, анын барда отурган улуу адамга кол көтөргөнү үчүн миң еврого айыпка жыккан.

Эске сала кетсек, Конордун кары кишиге кол көтөргөн окуясы ушул жылы жазында (6-апрелде) болгон. Интернетке видео жакында эле тараган, анда Макгрегор барда отургандарды өзүнүн бренди менен чыккан вискиден куюп сыйлаган. Алардын арасынан улгайган адам ичимдик ичүүдөн баш тартканда мушкер аны бир муштаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: