Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн өткөн талапкер Камчыбек Ташиев жакшы жыйынтык көрсөтө алды. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык ал, берилген 2 саат ичинде талапка ылайык 4 субтесттен өтүп, жыйынтыгында жалпы 83,25 балл топтой алган.
Буга чейин талапкерлер Каримов Алмазбек Ташполотович, Уметалиева Токтайым Джумаковна жана Келдибеков Ахматбек Келдибекович тесттен ийгиликтүү өткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ