Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт. Бет кап, дезинфекциялоо, жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө алынуучу милдеттүү талаптар. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
“25-майдан баштап коомдук унаалар иштеп баштайт. Мындай чечим жарандар ишине жетиши үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Ошентсе да, жергиликтүү бийлик, транспорттук компаниялар жана жарандар вирус жугуп калуу коркунучу жогорулашы мүмкүндүгүн билүүсү керек. Ошондуктан санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Ал эми азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт”, – деди Боронов.
Ыкчам штабдын жыйынында күзүндө коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу максатында медициналык мекемелерди, медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу, мобилдик лабораторияларды өнүктүрүү, жеке коргонуу кийимдерин жана тест-системаларды өндүрүүгө шарт түзүү керектиги айтылды. Калкты бул мезгилге даярдоонун, анын ичинде социалдык дистанция жана санитардык эрежелерди кынтыксыз аткаруу зарылдыгына өзгөчө басым коюлду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ