Menu

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Бөлүшүү:

24-майда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууудан Тажикстандын чек арачысы жараат алды. Бул тууралуу тажик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Түш ченде Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо чыр чыгып, ок атышуу болгон.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Ворух анклавындагы жашоочулар Кыргызстандын аймагына мал-жандык жаюуга аракет кылган, кыргыз аскерлери ага жол берген эмес. Тажик тараптан белгисиз адамдар чек арачыларды көздөй ок аткан. Анын артынан эки өлкөнүн жоокерлери атышкан. Кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес.

Саат 12:20да чатак чыккан аймакта кыргыз жана тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту. Эки тарап окуяны териштире баштады.

Куралдуу чыр-чатак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен болуп турат. 8-майда да жаңжал чыгып, Кыргызстандын үч жоокери жараат алган. Алардын бири оор абалда Бишкекте дарыланууда. Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: