Menu

“РусГидро” Кыргызстандын сунушуна көнбөй жатат

Бөлүшүү:

Орусиянын “РусГидро” ишканасы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоору боюнча маселени чечиш үчүн Кыргызстан сунуш кылган жолго макул болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн  “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын башчысы Азамат Абдыкадыров билдирди:

– Алар “Өзүңөрдүн үлүшүңөрдү сатып алып, маселени өзүңөр чечип алгыла. Бизге чыгымдарыбызды төлөп бергиле” деп айтып жатышат.

Абдыкадыров “РусГидро” Гаага сотуна кайрылганы тууралуу маалыматты тастыктап, сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бул үчүн атайын мекеме аралык комиссия түзүлгөнүн билдирди.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны “Интер РАО” ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын “Русгидро” курмай болгон.​ Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат. Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: