“Бизде кээ бир адамдар бар, кан төгүлгөн жерде акча жасашат. Бирөөлөр өлүп жатса, бирөөлөр 3 кабаттуу үйлөрдү салып, чөнтөктөрүн акчага толтурушат”, – деп билдирди бүгүн, 16-мартта Ош шаарында Алмас Атамбаев.
“Эптеп эле бийликке келүүнү көксөгөн инсандар бар бизде. Алар бийликке гана жулунушат. Азыр оппозицияга кошулган мурунку губернатор менен шаардын мэри үчүн кызматка жетүү – бул пара алуунун гана бир жолу, эптеп эле өзүнүн курсагын тойгузуш керек. Кыргызстандын тагдыры алар үчүн анча деле маанилүү эмес, аны бир тыйынчалык да көрүшпөйт. Алар шайтандын кулдары!” – деди Алмас Атамбаев.
Эсиңиздерге сала кетсек, азыр оппозицияга кошулган деп эсептелген мурунку чиновниктерден Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов менен Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов гана бар.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ