25-майдан баштап спорт залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер ишин жандантат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.
Милдеттүү шарт болуп санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо саналат.
–имаратты дезинфекциялоо;
–администрациянын жана тейлөө персаналы үчүн беткап жана кол кап тагынуу;
–ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу;
–ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү;
Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынгандар: футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол жана башкалар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ