Menu

Атамбаев эрине актанган аялдай актанды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев көпкө созулган даярдануусунан кийин өзүнүн “Апрель” телекомпаниясынын журналисттерине 19-ноябрда интервью берип, аны бүтүндөй коомчулукка жарыялады. Анда журналист алгачкы эле суроосунда:

— Сиздин декларацияда көрсөтүлгөн жөнөкөй элдин үч уктаса түшүнө кирбеген ири суммадагы кирешелериңизди “Президент кезинде элден уурдап алган акча каражаттары…”-деп айтып жүргөндөр да жок эмес. Сиз президент болгонго чейин эле бай адамдардын катарында болгонуңузду өзүңүз да айтып келесиз. Элдин, мамлекеттин акчасын уурдап алган деген пикирине кандай карайсыз?-деген тейде берген суроосуна, Алмас Атамбаев:

— Ооба, андай ушак-айың сөздөрдү мен да угуп жүрөм. Тактап коёюн, мен өткөн жылы 100 000 000 (Жүз миллион) сом эмес, 111 000 000 (бир жүз он бир миллион) сом киреше таптым. Анткени ишканаларымдын бирин саттым, деп сөз баштаптыр. Кайран киши, “жарымы жалган жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн…”-дегендей эле жомок айтыптыр. 1989-жылдан 2005-жылдын күз айларына чейин мен мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Эң биринчи Кыргызстанда жеке менчик фирма ачып иштеткен мен болом-деп төш кагыптыр. Анда да “Китеп бизнеси” менен байыганмын дейт уялбай. Кана кайсы китепти чыгарып, кимге саттың эле?! Сен эмес, ал сөздү айтканга Чыңгыз Айтматовдун да оозу бармак эмес. Китеп сатып миллионер болгон кайсы кыргызды кезиктирүүгө болот?! Өзүңчө эле “Богатый папа, Бедный папа” бесселлерин жазган Роберт Киосаки болуп кыялданып алыптырсың го-деген киши болбоду ошол журналисттердин арасында.

Анан да уялбай документтерди көрсөтүп коёюн-деп, өзүнүн сүрөтү чапталган папканы ачып, ары-бери кармалап коёт. Атамбаев менен Сегизбаевдин “Белизден” келди деген “Апостилине” ишенип бүт Жогорку Кеңеш, КСДП фракциясы шерменде болбоду беле!!! Анан, бу өзүнүн сүрөтүн 1-бетине чаптап алган папканы расмий документ-деп көрсөтүп атканын туура эле кабыл алыш керек. Азыр айласы куруп калган Алмас Атамбаевдин колунда өзүнүн сүрөтүнөн башка бир дагы расмий документи жок. Себеби ал эч качан расмий документ менен иш кагаздарын жүргүзгөн эмес. Анткени, ал алдамчылык менен гана бизнес жасап келген. Кана ким билет Алмас эмне бизнес менен алектенгенин? Эмне өндүрүп, кыргыз элинин ажатын ачып, керегине жарады эле? “Дача-Су” айылына кулап түшүп, ондогон адамдардын, жаш наристелердин өмүрүн кыйган “кандуу жүктүн” да бүгүнкү күнгө чейин расмий документи жок.

Андан ары үйү жөнүндө кеп кылыптыр. Азыр камакта жаткан Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов 2,7 га жерди сунуштап, бул жердеги бактарды сенин атаң Асанбай, Атамбайлар тиккен экен, өзүң алып жердебесең болбойт… – дегенинен макул болуп алдым эле. Чындыгында Чүйдүн жогорку аймагындагы бактарды же Асанбай же Атамбай экөөнүн бирөө эле тиккен. Анан Албектен сурадым:

— Сен кимден алдың эле?-деп.

— Ал жеке менчик ээсинен, бир адамдан сатып алгамын – деген болчу. Анан мен айттым, өзүң нааразы болбогондой бааны айт, мен сатып алайын-дедим. Ошентип сатып алып үйдүн курулушун бүткөндө ар кандай сөздөрдү уга баштадым. Кийин Албек менден кечирим сурады, “Дастандын” жери экенин билип, мен да ыңгайсыз абалда калдым-дегендей таризде шыпшынат.

Демек, Албек Ибраимов ал жерди “Дастандан” мыйзамсыз тартып алганы ырас экен. Бул үйдүн расмий документтерин укук коргоо органдары текшерип чыкса болот. Алмас Атамбаевдин бүгүнкү элдин эсебинен курган “Арашандагы” кан сарайы мыйзамсыз курулган-деп айтууга негиз бар. Анткени, үй курулган 2,7 га жер тилкеси рейдерлик жол менен мыйзамсыз тартылып алынганын Албек да, Алмас да мойнуна алып өкүнүп отурушат. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат”- деген ушул. Башкы прокуратура бул мыйзам бузууларды сөзсүз көзөмөлгө алууга тийиш!

Өзүн “Вор в законе” (Мыйзамдагы ууру) эсептеп алган Алмас Атамбаев бир убакта Кыргызстанды “по понятиям” башкаргысы келип, журналисттерди “фильтируйте базар…”-деп кекетип калганын баарыбыз жакшы билебиз. Анан да “2005–2010-жылдардагы 2 революцияны тең мен жасаганмым, менин каражатыма жасалган-деп РФ президенти В, Путиндин көзүнчө чоң пресс-конференцияда, эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жар салып мактанганы, Алмас Атамбаевдин мамлекетти Бандиттик жол менен башкарганынан кабар берет!!!

“Дүйнөнү салыштырмалуулук менен тааныйсың”-дегендей, Алмас Атамбаевдин алдында А. Акаев менен К. Бакиевдер периштедей эле таза адамдар экенине аргасыз ишенесиң. Мамлекеттин номенклатуралык кадр саясаты көчөдө калып, А. Атамбаев көчөдө калган бөтөлкөлөш ууру-кески жоро-жолдошторун Ак үйдүн 7-кабатына чейин алып келгенин коомчулук жар салып айтып жатпайбы. А. Сегизбаев, Б. Сүйүнбаев, У. Исраилов сыяктуу көңдөйлөрдүн генерал, шоопурдун аппарат жетекчи болушу менен Атамбаевдин кадрдык саясатын көргөн ит атар, эшек багар, ууру-кески, алкаш, ичкич-жегичтердин да амбициясы ойгонуп, мамлекеттик кызматтарды ар кандай жолдор менен ээлеп, Кыргызстанга Президент болууну эңсеп, жол издей баштады.

Кандуу 2010-жылдын апрель айында 86 адамдын сөөгүн тебелеп өтүп бийликке келген Алмас Атамбаев, Кыргыз Эли үчүн өзүнүн 6 жылдык башкаруусунда эмне жасады? Оюна эмне келсе ошону менен алек болуп, Кыргызстандын сырткы карызын 6 жыл аралыгында 1 миллиард 700 миллион доллардан 5 (беш) миллиард долларга чейин жеткирип, көзгө көрүнбөгөн жер алдындагы кен байлыктарды, «Кыргыз газ» сыяктуу мамлекеттин стратегиялык маанидеги объектилерин чет элдик инвесторлорго текейден арзан сатып, миллиарддаган доллар үстөк баасын өз чөнтөгүнө кымырып алды. Атамбаевди качырып ийбей, кеч боло электе кармап, кылган мыйзамсыз кылмыштуу иштеринин баарын мойнуна коюп, (өзү мойнуна алып жатат) мыйзам чегинде жоопко тартпаса, анда азыркы бийликке болгон элдин ишеничи солгундай берет.

Анан да, И. Илмияновду камаганы, анын шайлоо компанияларындагы кассалык иштерди көп билгендигине байланыштуу-дейт. Ар бир иш боюнча мен чечим кабыл алчумун. Кээде күч түзүмдөрү мага айтпай иш жасаган учурлар да болгон экен, аны мен иштен кеткенден кийин эми билдим-дейт. Саясий өңүттө жалаа жабылып камалгандар, соттордун мыйзамсыз чечимдери, Бишкек ЖЭБинин модернизациясына жумшалды деп сол чөнтөккө кеткен акча каражаты, бир “аттиштин” (кычкачтын) 600 долларга бааланышы, “Датка-Кемин” көмөкчү чордонуна, анын электр чубалгыларына, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна, Тарых музейинин реконструкциясына сарпталды-деп 2 эседен 10 эсеге чейин ашык бааларды коюп, Кытай Эл республикасынан үстөк пайызы менен Кыргызстандын карызга алган акчасынан миллиарддаган АКШ долларын жеп койгонун мойнуна алып жатат.

Алмас Атамбаевдин бул расмий интервьюсунан кийин, аны жөн эле алып барып түрмөгө отургузса болот. Сапар Исаковдун камалышы Сооронбай Жээнбековдун жалдырап суранганына карабай Раим Матраимовду кызматтан алганында болду. Кубанычбек Кулматовду 2 мектеп куруу үчүн бөлүнгөн акчага 1 эле мектеп куруп, калганын жеп койгону үчүн эмес, же Россия жарандыгын тастыктаган паспорту үчүн эмес, саясий өңүттө -“Райим миллион” үчүн камады– деп кейип-кепчийт. Бул корроупция менен күрөш эмес, бул жөн эле коркутуу, бул Бакиевдин жолуна түшүп кетти. Мен баштаган жол менен, менин жолумду уланткан жок-деп шакыйы кармап тырышат.

Албетте, Сооронбай Жээнбеков Алмас Атамбаевдин жолун улантканда, анда эмдигиче мамлекетте граждандык согуш чыгып кетмек. Атамбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу Кыргызстанды бөлүп алып, каалашынча калчай баштаган. А. Сегизбаев, Б. Сүйүнбаев, У. Исраилов, И. Илмиянов баштаган “Отморозкалары” ак жеринен адамдарды сындырып, кордоого өткөнүн коомчулук жакшы билет. Кытай компартиясынын Баш катчысы Си Цзиньпинден Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фондун түзүү үчүн дагы жарым миллиард АКШ долларынын өлчөмүндө карыз сурап койдум эле, ошону ала албай калдым. Ага эми ким күнөөлүү… – деп дагы эле арман кылат. Өнүктүрүү фондуна эмес, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого атайын максаттуу берилген 386 млн АКШ долларынын дайынын таппай калдык. Өнүктүрүү фондуна деген акча түп орду менен дайынсыз жок болору, Кыргыз элинин мойнуна дагы жарым миллиард АКШ доллары карыз болуп илинээри талашсыз эле.

Мен 2010-жылы Ош, Жалал-Абад, “Маевка” сыяктуу өрттөлгөн шаарлар менен жолу жок мамлекетти өткөрүп алганмын. А булар кандай мамлекетти өткөрүп алды, өзүңөр салыштырып көргүлө-дейт. Ооба, 2010-жылы Ош, Жалал-Абад, “Маевканын” өрттөнгөнү чын. Бирок аны ким өрттөгөн?! Мына ушул Алмас Атамбаевдин ошол каргашалуу окуялардын чыгышына, андагы каза болгон миңдеген адамдардын өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар. Кадыржан Батыров башында турган өзбек улутундагы сепаратисттик топ ОШ, Жалал-Абад шаарларынын чок ортосунда экстремисттик үгүт иштерин жүргүзүп, өзбектерди кыргыздарга каршы ачык тукуруп жүргөнүн видео тасмага тартып, жалпы коомчулукка көрсөтүп жатса да мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан чара көрбөй, өз бийлигин бекемдеш үчүн “Түштүк коогалаңын” чыгарып, кара ниетин ишке ашырып, Бакиевдерге шылтап жүрүп өттү го. Эми азыркы бийлик Бакиевдердин жолуна түшүп кетти-деп шыпшынат. Атамбаевдин жолу Бакиевдердикинен алда канча кылмыштуу болгонун коомчулук жакшы билет.

Өмүрбек Текебаев мыйзам чегинде жазасын алды, бирок мен мыйзамды аттап өтүп, каматпай эле койсом болмок экен-деп өкүнүчүн билдирип отурат. Ой бул баарын эле өзү көзөмөлдөп, соттун чечимин деле, прокурордун каралоосун деле, милициянын айдап кел, байлап келин деле өзү жүргүзүп келгенин мойнуна алып отурбайбы. Азыраак мөөнөт берип камагыла дечүмүн. Антип койдум, антпей койсом болмок, азыр өкүнөм-деп адамдын тагдырын ашыктай калчап отурганын жалпы элдин алдында өзү мойнуна албадыбы. Бул деген мамлекетти өзү айткандай “по-понятиям” башкарганынан кабар берет да.

Алмас Атамбаев журналисттерди сотко берип, үй-мүлкүн конфискациялатып сызга отургузганы үчүн өкүнгөнүн айтат. Бирок, эми ага журналисттер керек болуп калганда өкүнүмүш болуп атканын байкоого болот. Өзүн “Өлбөс Кощей” сезип калган кезде Кыргыз элин койго теңеп, Кыргыздын душманы кыргыз-деп, журналисттерди мазактап отурганын коомчулук унута элек.

Ойлогонумдай болбой калды. Референдум жолу менен Конституциялык реформага бардым эле. Бирок андай болбой калды деп өкүнүчүн билдирип отурду. Манас Арабаев деген ачкүсөндү президенттик аппараттын юридикалык бөлүмүнө жетекчи койуп алып, саясий туткундардын, рейдерлик жол менен тартылып алынган мүлктөрдүн үстүнөн президенттик аппараттын юридикалык бөлүмү даярдап берген соттун чечимдерин, Шаамарал Майчиев жетектеген соттор кеңешинин элегинен иргелип өткөн “кол бала” сотторго окутуп, тагдыр чечип турганын унутуп калган окшойт. Парламенттик башкаруу болбосо акыйкат сот бийлигин орното албайбыз. Ошондуктан Конституциялык реформага бардым эле-деп эмнени айтып жатканын өзү билбей, өзүнө-өзү каршы сүйлөп шерменде болуп отурду.

Бир сөз менен айтканда, ойношу менен кармалып калып эрине актанган аялдын образында интервью бериптир. Тышкы саясатта кетирген кемчилдиктерин мойнуна албай, мен эле мен-деп отуруп элди аллергия кылганын бүтүндөй коомчулук айтып жерге түкүрүп отурат. Кантип ушундай эки жүздүү, эл душманы мамлекетти 6 жыл башкарды?! Дагы 1–2 жыл турганда Кыргызстанды түп орду менен сатып ийип качып кетмек экен-деп кеп кылгандар четтен чыгат. 2017-жылы өткөн Президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү акча каражаттарын толугу менен көзөмөлдөгөн да Алмас Атамбаев болгону кимге жашыруун. Сооронбай Жээнбековду Президенттикке сүрөп өткөрүп, анан, кайра эле мамлекетти “старший президент” болуп алып мен өзүм башкарам-деген Алмас Атамбаевдин кара ниети ишке ашпай калып, азыр катуу кайгыга батып турган чагы.

Шайлоо алдында Сооронбай Жээнбековду айга-күнгө теңеп, эң оор күндөрдө мени таштап кеткен жок. Чейрек кылым дос болуп бирге жүрөм. Анын адамдык сапаты абдан бийик… – деп мактап отурган Алмас Атамбаев бүгүн Азезилди сүрөттөгөндөй сүрөттөп отурганынын өзү эле эмнеден кабар берет. “Досуңун ким экенин айтып берсең, мен сенин ким экениңди айтып берем”-дегендей, Алмас мырза өзүнүн досун бир жарым саат аралыгында жамандап, өзүн актап бүтпөй койду. Катаал күндө кан досуна канат-бутак болуп, колдоо көрсөтүүнүн ордуна бир жарым саат актанып отурганы, анын күнөөлүү экенинен кабар берет.

Абдыкалык Акимов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: