Menu

Видео – Экс-губернатор Эмилбек Каптагаев президентке, спикерге, премьер-министрге ыраазычылык билдирди. Эмнеге?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-январда манасчы, жазуучу жана акын Сапарбек Касмамбетов А.Малдыбаева атындагы Опера жана балет театрынын алдында акыркы сапарга узатылды. Маркум менен коштошууга президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, спикер Дастан Жумабеков, вице-премьер-министр  Кубатбек Боронов, ЖК депутаттары жана белгилүү коомдук ишмерлер, манасчылар, акын, жазуучу, төкмө акындар, артисттер келишип, залкар манасчыны эскеришти.

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев залкар манасчы Сапарбек Касмамбетов мактоого, даназаолоого татыктуу инсан экенин баса белгилеп, ал мамлекеттик деңгээлде узатылып жатканына ыраазы болуп, президент Сооронбай Жээнбековго, спикер Дастан Жумабековго, премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиевге жердештеринин атынан ыраазычылык билдирди.

Эмилбек Каптагаевдин айткандарын жана маркумдун акыркы сапарга узатылган видеодон төмөндөгү көрүнүз:

Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилди. 87 жаштагы манасчы 19-январда көз жумган.  Сапарбек Касмамбетов көптөгөн чыгармалардын автору. “Эр Кошой” эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Андан сырткары акындын “Асыл эне”, “Билерик”, “Балыкчы баяны”, “Бала Манас” чыгармалары китеп болуп басылып чыккан. “Манас” эпосунун окуялары англис тилинде баяндалган китеп “Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov’s Recitations Of Epic Poetry” деген аталышта Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көргөн. Анын редакторлору Кейт Ховард, Сапарбек Касмамбетов. Китепте “Манас” эпосунун негизги окуялары кара сөз түрүндө берилип, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда, CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Китеп 134 беттен турат. Китеп кыргыздардын жана жалпы эле көчмөн элдердин оозеки көркөм чыгармачылыгына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган. Маркумдун бир уулу, 5 кызы бар. Улуу баласы Сүйүнбек Касмамбетов Жогорку Кеңеште аппарат жетекчиси болуп иштеген. Кыздарынын улуусу Гүлнара Касмамбетова менен кичи кыздарынын бири Акчолпон Койчиева бүткүл дүйнөлүк “Би-Би-Си” радиосунун Кыргыз кызматынын продюсерлери. Айнара, Динара, Чынара аттуу кыздары дагы жогорку билимдүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: