Menu

Эрмек Өмүралиев ТИМдин Алтынчы саясий департаментинин директору болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2020-жылдын 20-январында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Алтынчы саясий департаменттин жаңы Директорун – Өмүралиев Эрмек Социаловичти тааныштырды.

КР ТИМдин Алтынчы саясий департаменти – 2019-жылы, экономикалык дипломатияны натыйжалуу илгерилетүүнү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.

Маалымат үчүн: Омуралиев Э.С. Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин экономикалык жана административдик илимдер факультетин (2000-ж, Анкара ш.) аяктаган. Буга чейин КР ТИМ түзүмүндө, анын ичинде, борбордук аппаратта жана КРнын Турциядагы Элчилигинде түрдүү кызмат орундарда эмгектенип келген (1995-жылдан тартып). 2015-2020-жж. аралыгында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жарандык авиация Агенттигинин Директору кызматында, ошондой эле бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө эмгектенген. Түрк жана англис тилдерин билет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: